6 млн.долларга салынган хан сарайда жашап жаткан Атамбаевдин баласы Айдар, Максимдей болуп качпайм дейт го… (2 ВИДЕО)

6 млн.долларга салынган хан сарайда жашап жаткан Атамбаевдин баласы Айдар, Максимдей болуп качпайм дейт го… (2 ВИДЕО)

Экс-президент Алмазбек Атамбаев беш баланын атасы. Биринчи никесинен (Бүажар аттуу жубайынан) эки уул (Сейитбек, Сейтек), эки кыз (эгиздер: Диана, Динара), экинчи никесинен бир кыз (белгилүү сүрөтчү кызы Алия Шагиева), бир баласы (Кадыр) бар.

Раиса Атамбаева экөөнүн уулу Кадыр Атамбаев “Жаңы жүздөр” (“Новые лица”) журналына маек берип, 7-8-августта апасы экөө Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүн, каза болгон офицерди атасы атпаганын, Айдар, Максимдей болуп Кыргызстандан качпаганын, эми саясатка аралашарын айтып бериптир. Маек атасынын ак сарайында жүргөн, «мына көрүп турасыңар, үйүбүз ыйлай турган абалда, кандын тактары дагы деле турат»,-деп учурдагы үйүнүн ичин көрсөткөн. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүп, угуңуз!

Балдары да, атасын актабагандан башка аргалары жок да. Буга чейин атасынын актыгына ишенген кызы Алия Шагиева да кайрылуу жасаган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Атамбаевге оор айып тагылып, кылмыш иши козголду

Бүгүн, 13-августта, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча ИИМ министри, Башкы прокурор журналисттерге жыйын өткөрүштү. Анда башпрокурор Өткүрбек Жамшитов А.Атамбаевге коюлган айыптарды айтып, ошонун негизинде кылмыш иши козголгонун айтты. Атамбаевге карата куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кабарлама берилди», — деди Ө.Жамшитов.

Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы УКМК тарабынан уюшулуп, ал ишке ашпай калган. Ал күнү кагылышуу болуп, бир топ адамдар жабыркап, бир офицер каза болгон. 8-августта кайрадан кармоо операциясы жүрүп, аягында Атамбаев колго түшүп берген. 9-августта анын баш коргоо чарасы каралып, августтун аягына чейин камакта калган.

6 миллион долларга салынган ак сарайдагы акчалар…

Алмазбек Атамбаев хан сарайын салып жатканда, ажо болчу. Ошол учурдагы депутат Өмүрбек Текебаев ал жер кимден алынып, канча акчага салынып жатканын айтып чыккан. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА  

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.