«Белизгейт» менен белгилүү болгон Сегизбаев бүгүн суракка чакырылды (2 ВИДЕО)

«Белизгейт» менен белгилүү болгон Сегизбаев бүгүн суракка чакырылды (2 ВИДЕО)

Өткөн жумада чакыруу кагазын алган УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта, түштөн кийин ИИМге суракка барат. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» кабарлашкан. Азырынча кайсы иш боюнча ал суракка алынары белгисиз.

Эскерте кетсек, А.Сегизбаев Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө түзүлгөн “Элдик штабга” барып, ал жердеги элге бука союп берген. Өзү да ошол жерде, Атамбаевдин жанында болоорун айткан. 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында ошол жерде болуп, кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Атамбаев 26-августка чейин камакта калган. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Андан тышкары, Атамбаевдин бир топ тарапкерлери суракка алынууда. Бүгүн да бир топ адам суракка чакырылышы ыктымал.

Сегизбаев тууралуу…

Абдил Сегизбаев буга чейин «Белизгейт» чыры боюнча «белгилүү» болчу. Ал УКМКда жетекчи болуп турганда андагы ажо Алмазбек Атамбаевге дайыма отчет берип турганын Кой-Ташта Атамбаев өзү айтып алган. Сегизбаев өзү деле «Белизгейт» чырында парламентте отчет берип жатып, «өзүмдүн президентиме тапшырып бербесем, мен ким болом, чыккынчылык кылган болом»,-деп айтканы бар. Аны төмөнкү видеодон көрсөңүз болот.

«Белизгейт» калп болуп чыккан…

Ушул жылдын 19-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Белизгейт» кылмыш ишинен «жашыруун» деген гриф алына элек экенин билдирген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Абдил Сегизбаев, ага кошулуп, кошомат кылган айрым депутаттар (2012-жылы) «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок болуп чыккан. Убагында табышмактуу сыр кылган бул окуя боюнча Сегизбаев эми ачыгын айтып берээр жана карандай калп айтып, таза саясатчыларга жалган жалаа жапканы үчүн жоопко тартылаар. Буга чейин коомчулук мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаева экөөн жоопко тартылышын талап кылып келишкен. Дагы эле болсо талап кылабыз! Баса, ушундай жалган жалааны күнү-түнү көрсөтүп туруп алган андагы КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков дагы жооп бериши керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.