ЖУНУШАЛИЕВ: «Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөн»

ЖУНУШАЛИЕВ: «Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөн»

7—8-августта болгон Кой-Таштагы окуя боюнча ИИМ, УКМКнын жетекчилери бүгүн (13-августта) журналисттерге жыйын өткөрүштү. Анда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн айтты. “8-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары саат 16:00дө «Форумдун» алдына чогулуп, анан кечинде бийликти мыйзамсыз басып алуу, массалык башамандык уюштуруу, талап-тоноо максаттары бар экендиги бизге маалым эле. Кечинде Бишкек шаарынын борбордук аянтына 1500дөй жаран топтолуп келди. Жаш балдар, баңгилер жана соттолгондор менен бийликти алып, шаарды тоногонго аракет кылышты”,-дейт министр.

Эскерте кетсек, 8-августта, Атамбаев кармалган күнү Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтына, Ак үйдүн алдына топтолгон балдар чогулуп, жолдорду тосуп, “тартпа!” деп журналисттерге да кол көтөргөндөрү болгон. Аларды милициялар сүрүп чыгып, айрымдарын кармап кетишкен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.