Алмазбек АТАМБАЕВ: “Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай жатам”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай жатам”

УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов кирип, жолугуп чыкканы тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.

Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Атамбаевдин УКМК кызматкерлерине эч дооматы жок, кармоо шарттары жакшы, эки кишилик камерада жалгыз отурат. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Болгону бир эле нерсени сураныптыр, камерадагы кичинекей жарык берүү жабдыгын кечинде өчүрүп коюу. «Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай атам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок»,- дептир Атамбаев.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясында колго түшүп берип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 9-августта, анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 26-августка чейин камакта калуу чечими чыккан. Кечээ, 13-августта башпрокурор Өткүрбек Жамшитов журналисттерге Кой-Таштагы окуя боюнча жыйын өткөрүп, Атамбаевге коюлган айыптарды санап берди: Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү». Бүгүн дагы ага эки кылмыш иши илингени маалым болду, ал: Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаардык соту 16-августта Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү карайт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.