Миңдеген сулууну жанынан көргүңүз келеби? Анда, билет алууга ашыгыңыз!

Миңдеген сулууну жанынан көргүңүз келеби? Анда, билет алууга ашыгыңыз!

Биринчи жолу Кыргызстанда «Көчмөндөр модасы. Ысык-Көл — 2019» фестивалы өткөнү турат, ага төрт гана күн калды. 18-19-августта Бишкекте башталып, 20-21-августта Ысык-Көлдө, ыр-күү менен жыйынтыкталат. Аталган фестивалга катышууга 15 мамлекеттен (Орусия, Кытай, Азербайжан, Кипр, Буратия, Монголия, Якутия, Калмыкия, Корея, Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) атактуу дизайнерлер келатат. Алар өздөрүнүн улуттук өзгөчө кийим-кечесин көрсөтөт.

Айтылуу Мажит, Керет баатырлардын небереси

Мындай иш-чараны өзүнүн идеясы, өжөрлүгү менен журналист Назира Бегим өткөрүп жатат. Анын максаты — Кыргызстандагы дизайнерлердин өнөрүн кеңири жайылтып, дүйнөгө таанытуу жана мода индустриясын өнүктүрүү. Назира айым  жөн кыз эмес, ал айтылуу Мажит, Керет баатырлардын, Касымалы Жантөшов, Советбек Жумадылов жана Мар Байжиевдин небереси, Анарбек Ибраевдин жээни. Ал учурда уктабай, күнү-түнү фестивалга кызуу даярданып жатат. Келгиле, кызыбызды колдойлу!

Билет баасы болгону 500 сом

Аталган фестивалга дүйнөнүн төрт бурчунан дизайнерлер келип, өз өнөрлөрүн тартуулайт. Алардын кол эмгегин супсулуу модельерлер көрсөтөт. Кооз, модалуу кийимди, сулуу кыздарды жанынан көргүңүз келеби, анда билет алууга ашыгыңыз, кассаларга шашылыңыз! Билеттин баасы болгону — 500 сом. Тел: (0706) 23-52-37

Бир ай мурун Назира Бегимден интервью алдык эле. Андагы кызыктуу баарлашууну бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.