“Мурда соттолгон” деген одоно катаны “техникалык ката” деп, адам тагдыры менен ойногон соттор…

“Мурда соттолгон” деген одоно катаны “техникалык ката” деп, адам тагдыры менен ойногон соттор…

Сокулук районунун тургуну С.М. аттуу жаран арыз менен Акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылган. Арызда ал мурда соттолбогонун, бирок, “мурда соттолгон” деп кагазга жазылып калганын, эмнеге мындай жазылганын судьялардан сураса, алар “техникалык ката” деп алакан жайып коюшканы жазылган. Ал адамдын абалын туура түшүнгөн Акыйкатчы арызды өз көзөмөлүнө алып, судья тарабынан кетирилген “техникалык катаны” адам тагдырына балта чабуу деп баса белгилеп, арызды дыкат текшерүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Токон Мамытов Сокулук районунундагы соттук процесске катышкан прокурордун жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылууну Башкы Прокуратурага да жөнөтө турганы маалым болду.

Окуя кандай башталган?

С.М. аттуу адамдын ушундай абалга туш болгону боюнча биздин редакцияга, alakan.biz сайтыбызга кат менен кошо анын сүрөтү, туура эмес жазылып калган документтердин копиясы келип түштү. Ал катты эч өзгөртүүсүз беребиз.

Сокулук районунун (судья М. Т) соту аны күнөөлүү деп таап, Жоруктар боюнча кодексинин 119-беренеси боюнча II даражадагы 300 эсептик көрсөткүчтөн, тагыраагы, 30 миң сом айып пул салган чечимине таптакыр макул эместигин билдирген. Соттун өкүмү менен таанышуу учурунда карама-каршылыктар табылган. Атап айтканда, өкүмдүн кириш бөлүмүндө С.М. мурда соттолгон эмес деп жазылса, андан аркы жазууда Бишкек шаардык сотунун 2019-жылдын 22-январында чыккан өкүмү менен мурда соттолгон деп көрсөткөн жана ага карата жазанын түрүн жана өлчөмүн аныктоодо сот муну оордотуучу жагдай катары караган. Өкүм менен таанышкан арыз ээси андагы мурда соттолгон дегенди окуп, айласы кеткен. Сокулук райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу С.С. жолуккан, бирок, ал колун жайып, соттун жаңылыштыгы “техникалык ката” деп атаган. Райсоттун төрагасынын милдетин аткаруучу С.С., бардык адам ката кетирет- деп айтылган жүйөөнү олуттуу кабыл албай койгондо, мындай жоопту күтпөгөн арыздануучунун абалы начарлап, судья өзү ага “тез жардам” кызматын чакырган…

Ал эми 29-июлда Сокулук районунун төрагасына кайрылган. Арыздануучунун айтымында, төрага бул окуя боюнча эчак кабардар окшойт, ал: “эмне эле ызы-чуу кылып жатасыз, мындай техникалык ката боло берет”,— деп кебелген эмес.

Ошондой эле С.М. Сокулук районунун төрагасы тарабынан (31.07.2019-ж) “мурда соттолгон деген маалымат техникалык ката”-деген жазуу жүзүндө жооп берилген. Акыйкатчынын кабыл алуусунда арыздануучу жок нерсени жабыштырган, судьянын иш-аракетине нааразы экендигин билдирди. Ал өз сөзүн ырастоо үчүн Бишкек шаардык сотунун (29.07. 2019-ж) 2018-2019-жылдар аралыгында С.М. кылмыш ишине байланыштуу, Бишкек шаардык соттун маалымат базасында жок экендиги боюнча тастыктама, ошондой эле КР ИИМ маалымат борборунан (06.08.2019-ж) Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгонду жоктугу боюнча тастыктаманы көрсөттү.

Өз кезегинде, Акыйкатчы Т. Мамытов Сот органдары менен иштөө жана сот процесстерин мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө судья тарабынан кетирилген техникалык ката адам тагдырына балта чабаарын белгилеп, аталган арызды дыкат текшерүүгө тапшырма берди. Акыйкатчы арызды өз көзөмөлүнө алды жана судьянын жоопкерчилигин кароо, ошондой эле Чүй облустук соту экинчи инстанцияны кароо учурунда С.М. карата сот Т.М. тарабынан “ойлонуп табылган” жагдайды (кетирилген катаны) эске алуу боюнча кайрылууну КР Соттор кеңешинин тартип комиссиясына кайрылуу жөнөттү. Ошондой эле, Акыйкатчы Сокулук районунундагы соттук процесске катышкан прокурордун жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылууну Башкы Прокуратурага да жөнөтөт”,-деп жазылган катта.

Мына, окурман, соттолбогон кишини эле “соттолгон” деп жазып, аны да уялбай, “техникалык ката” деп кебелбеген сабатсыз судьялардын азабынан канча деген адамдын тагдыры талкаланууда. Бул оюнчук эмес, муну Акыйкатчы өз көзөмөлүнө алгандан кийин, сөзсүз аягына чыгат деп ойлойбуз. Биз дагы арыз ээсине кезигип, маектешип, “техникалык ката” кетирген кишилерге да жолугуп, жооп алууга аракет кылабыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.