Ахун ЖОРО, акын: “Кыргыз менен өзбектин асманы бир, дастаны бир…”

Ахун ЖОРО, акын: “Кыргыз менен өзбектин асманы бир, дастаны бир…”

 

РЕДАКЦИЯДАН: Эки өлкөнүн (Кыргызстан, Өзбекстан) достугун даңазалаган “Асманы бир” аттуу ырдын автору Ахун Жоро аттуу өзбек акыны жөнүндө сөз болот. Акындын «Асманы бир» ырына мыкты клип тартылып, социалдык тармактарда дүң болгон. Албетте, мындай ырдын авторун жакындан билгиң келет. Андай акынды таап, аны менен маек курган белгилүү журналист Адылжан ЖАЖАНОВ.

Үч тилде (өзбек, уйгур, орус) эркин сүйлөгөн, мыкты котормочу, мыкты журналист менен кайрадан жолубуз кезигип, чогуу иштей турганыбызга кубанып турабыз. Адылжан Жажанов (бул агабыз жөнүндө өзүнчө чоң сөз кылабыз) мындан ары биздин (alakan.biz) сайт менен кызматташа турган болду. Анда эмесе, кесиптеш агабыздын алгачкы макаласын сиздерге сунуштайбыз.  

Он бир китебинин алтоо кыргыз тилинде…

Азыркы учурда Кыргызстанда 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү ынтымак-ырашкерликте күн кечиришүүдө. Саны 900 миңге чамалап калган өзбек агайындар кыргыздардан кийинки экинчи орунду ээлешет.

Өзбек туугандар үчүн Кыргызстандын Түштүгүндө атайын жогорку окуу жайлары, орто мектептер ачылып, музыкалуу драма театры иштейт. Көптөгөн областтык, райондук газеталар жарык көрүүдө.

Биз Кыргызстанда киндик каны тамып, мамлекетибизге эбегейсиз чоң эмгек сиңиришкен жүздөгөн өзбек досторубуз, ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз менен сыймыктана алабыз. Ал эми адабият майданында туруктуулук менен эмгектенип, окурман журтуна өздөрүнүн ширин-шекер лирикалык ырларын, кайрыктары не бир сонун обондорун тартуулашкан замандаштарыбыз да көп. Алардын бири адабий ысымы Ахун Жоро же Ташматахун Сайтахунов.

Бул замандашыбыз 1958-жылы Араван районунун Тепе-Коргон кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал коңшулаш Өзбекстандын Фергана шаарындагы Политехникалык институтту аяктап инженер-механик адистигине ээ болот. Союздун учурунда өз кесиби боюнча, анан 2000-жылдан тартып Араван райондук кеңешине депутат, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, “Араван тазалык” ишканасынын директору болуп үзүрлүү иштеди. Ташматахундун чыгармачылык эргүүсү кечирээк келип, алгачкы ырлар топтому 1997-жылы “Сырдуу караш” деген аталышта жарык көргөн. Ал эми жыйырма биринчи кылым Ахун Жоронун чыгармачылыгынын гүлдөө мезгили болууда десек  жаңылышпайбыз.

Адабий китептерди зор ынтаа коюу менен окуган элеттик акын менен Араванга барганда таанышып калдык. Шартылдап баскан, өзүнчө бир кызыктай мүнөзү бар бул инсандын “бешене теринен” жалпысынан 11 китеп жарык көрдү. Анын алтоосу кыргыз тилинде. Акындын ырларын Турабай Жороев, Усман Темур, Гүласал Алиева баштаган чыгармачыл инсандар аябай жакшы которушуп, кыргыз окурмандарына кеңири тааныштырууга үлгүрүштү.

Алыкул Осмонов, Анатай Өмүркановдун чыгармаларына таасирленип…

Ахун Жоронун ырлары өзүнүн тереңдиги, ойлорунун тактыгы, оюндагы көрүнүштөрдү поэзия ааламына жөнөкөй тил менен жеткириши боюнча айырмаланат. Бөтөнчө анын лирикалык ырларын баш көтөрбөй окуп отуруп чыныгы махабат канчалык терең, назик экенин аңдайсын. Бизге байкалбаган турмуш көрүнүштөрүн автор өзгөчө стили менен келиштире баяндап кишинин көңүлүн тартып алат. Анын ырларын окуп отуруп гөзөл Фергана өрөөнүнө дагы бир таланттуу акын келгендигин аңдайсын. Өзү жазгандай ал жаштайынан эле поэзия дүйнөсүнө кирип, эки кошуна элдин таланттуу акындары Абдулла Арипов, Алыкул Осмонов, Мухаммад Юсуф, Акбар Рыскулов, Сиддик Мумин, Турабай Жороев, Бахадыр Андижаний, Анатай Өмүрканов, Маркабай Ааматовдордун чыгармаларын окуп чоң таасир алганын белгилейт. Ташматахунга ильхам бир күйгөндө, бир сүйгөндө келет экен. Сулууларга суктанып жазган ырларын өмүрлүк жубайы, алдыңкы педагог Халтажи Сайтахунова сабырдуулук жана түшүнүү менен кабыл алат. Акындын уулдары Камилахун жогорку билимдүү бухгалтер болсо, кичүүсү Алимахун программист болуп иштешет. Балдары атасынын чыгармачылыгын баалашып ар тараптан колдоп кубатташып, китептерин чыгарууга астейдил көмөктөшүп жатышат.

Мен эргүү алып жазып жаткан учурда жаныма аппак кийинген даанышман адам жана жаш келин келет,—дейт автор биз менен ой бөлүшүп.

Акындын «Асманыбыз бир» деген ырына обон чыгарылып, аны Оштогу музыкалык окуу жайдын жетекчиси Мукарам Мадаминова келиштире аткарып, эки мамлекетте видеоклип тарттырып, социалдык тармактагы замандаштардын колдоосуна арзыган. Текстти таланттуу акын Усман Темур кыргызчалаган экен. Мындай ырлар элдердин достугун чыңдап, адамзатты аруулукка үндөйт эмеспи.

Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон замандашыбыз коомдук иштерге активдүү катышып, эки өлкөнүн ортосундагы адабий байланыштарды чыңдоого зор салымын кошуп келе жатат. Алсак, оштук калемгерлер Өзбекстандын Фергана, Анжиян, Ташкент шаарларындагы акын-жазуучулардын чыгармачылык кечелерине, жолугушууларына, мааракелерине барышып, үлкөн жумуштарды аткарып жатышат.

Азыркы учурда өзбек жана кыргыз элдеринин маданиятынын достук көпүрөсүнө айланган Ахун Жоронун эргүүсү ташкындап дагы эки китебин басмадан чыгаруунун арапасында турат.

Биз аравандык акын досубузга чыгармачылык бийиктиктерди багындыра берүүсүн каалап, айрым ырларын сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

 Аялыма

Таалайым, аптабым, асманым, айым.

Гүлзарым, бостонум, гүлгүнчам дайым.

Ширин сөз баарым, каштары жаайым,

Бактыма тынч-аман болуң аялым.

Өзүңүз ишеничим, жанымда жүргөн.

“Ух” десем тынчы жок башымда турган.

Сиз гүлсүз колумда жыты тараган.

Багыбызда гүлдөп туруң аялым.

Муздай сууларына ишенбей колум,

Кечелер уктабай пайлаган жолум.

Мээриңиз дайыма желкемде тонум,

Таң чагы шооладай күлүң аялым.

Уулумду башында дос кылып берген.

Кызымды кашында өстүрүп берген.

Үйүмдү камсыздап жаз кылып берген,

Махабат багында жүрүң аялым.

Сиз аалам гүлдөрдүн дүрү, мыктысы.

Айпери сулуулар гүлү шыктысы.

Көксүмдүн гүлүсүз, өмүрүм мааниси,

Бак деген дооронун сүрүң аялым.

Баарын алды

Эмне берген болсо табийгат,

Бирин да койбой баарын алды.

Көкүрөктө жалгыз ариет анан,

Тилимде бирок арманым калды.

Күрүчтөй тиштер, таштады кетти.

Кундуздай чачтарым тегиз агарды.

Көздөгү нурлар, ыйлады кетти,

Капкара карегим бозоруп калды.

Абалым азыр мурунку эмес.

Көңүлүм дагы жайына келбес.

Буттарым дагы түз шилтенбес,

Туруксуз достой эркке баш ийбес.

Ак карадан көз айнек көздө,

Тагынгандай моданы кууп,

Уя салып бырыштар жүзгө,

Киркирейт үнүм тамакты бууп.

Көбү кетип, калды кем, аз,

Коңгуроодой жоголду авазым.

Кыш кыроодой көрүнөт жаз,

Эми жердин жумшагы лаазым.

Эмне берген болсо табийгат,

Бирин койбой бардыгын алды.

Жалгыз Аллах ысымы, анан

Ыйман гана өзгөрбөй калды.

Жаралаба

Гүлзарымды Гүлайым,

Аралабасаң аралаба.

Чач астынан муңайым,

Карабасаң караба.

Сен асмансын ыраакта,

Таманыңда мен пахта.

Мага атап гүлдесте,

Арнабасаң арнаба.

Алма моюн башыңдан,

Мажүрүм тал чачыңдан.

Кош кылычтуу кашыңдан,

Карабасаң караба.

Наз көз караш жоготуп,

Кирпигиңден ок атып.

Ышк даамынан уурттатып,

Жаралабасаң жаралаба.

Кашыңа осмо коюп,

Карабасаң караба.

Жүрөгүмдү оюп-оюп,

Жаралабасаң жаралаба.

Кырк кыз

Кырк кыз келет жолумда,

Жайнаган кырк көзүм бар.

Миң чырак оң-солумда,

Бир кызда бир сөзүм бар.

Кырк кыз баары келишкен,

Кырк кызгалдак кырдагы.

Ай тамакка жарашкан,

Кырк кыздын кырк сыргасы.

Куш сымал көктү самаймын,

Жанып калар кырк жылдыз.

Жол карап мен раазымын,

Кырк кече да, кырк күндүз.

Кырк кыздын кырк жамалы,

Көңүлгө от салгандай.

Кырк кыздын кырк амалы,

Байлап мени алганбы, ай.

Кырк кыз келет жолумда,

Жайнаган кырк көзүм бар.

Кырк десте гүл колумда,

Бир кызда бир сөзүм бар.

Нооруз болсун

Келин айым тез чыгың,

Таңкы салкын жел согот.

Көчөлөргө суу себиң,

Журтка Нооруз келатат.

Жүрүң көк чөп табалы,

Чүчпарага бир чымчым.

Көк самсалар жабалы,

Жаз айын мен сагындым.

Чоң энелер ырдашат,

Жамгыр мына жаады.

Кыз-келиндер ойношот,

Баштарында гүл топу.

Жаз айы жайды себин,

Баш бакты ай төгөрөк.

Жылмаят сырдуу келин,

Даш казанда сүмөлөк.

Келинчек тоо башында,

Жапжашыл бүт айлана.

Кызгалдак сырга сындуу,

Апапак мармар ташта.

Кайырмак экен

Керилген эки кашы,

Ийилген кайырмак экен.

Көз астынан карашы,

Күндөн да кайнак экен.

Карлыгач кош канаты,

Кайырмагына илиндим.

Кара кал ээрдиндеги,

Кыйноосуна тилиндим.

Мага бири ок атат,

Бири жүрөгүм тешет.

Бири ышкым ойготот,

Кээде жиним келтирет.

Көрүп көркүн, чырайын,

Көңүл кушум дал эле.

Ойкуштаган каштардын,

Менде өчү бар беле.

Капкара кош кылычтай,

Кашыңдан айланайын.

Жаркыган жаз күнүндөй,

Кирпигиңе байланайын.

Көз кырынан карашы,

Күн сымал кайнак экен.

Кайрылган эки кашы,

Кайырма кайырмак экен.

Кош бутакпыз

Тарыхы бир, тагдыры бир, жайы бир,

Кымызы бир, каймагы бир, майы бир.

Жылдызы бир, күнү-түнү, Айы бир,

Асманы бир кыргыз менен өзбектин.

Ала-Тоосу, Алай менен Памири,

Токсон эки элет жайган тамыры.

Бир Курманжан, Надирасы, Бабыры.

Жазганы бир кыргыз менен өзбектин.

Бүбүсара, Мукарамма – жылдыздары,

Күнгө бирдей бет өптүрөт кыздары.

Окшош кийиз, кештелери, уздары,

Жан-каны бир өзбек менен кыргыздын.

Көчөсү бир, дөбөсү да базары,

Арыгы да, эгин жайы, мазары.

Эбак бирдей ток көңүлү, назары,

Аш-наны бир кыргыз менен өзбектин.

Үшүгөндү сакташат тез тон чечип,

Төшүн тосот кыян-селде суу кечип.

Той өткөрсө кирип келет эл көчүп,

Кырманы бир кыргыз менен өзбектин.

Көздөрү бир, сөздөрү окшош, тили бир.

Чөлдө, тоодо өскөн чөбү, гүлү бир.

Экөөнүн тең дини муслим, дили бир,

Ыйманы бир кыргыз менен өзбектин.

Бир чынарда кош бутакпыз, өтө сүй,

Баш коштурат бизди достук, урмат-сый.

Болгон, болот ага-ини, кудагый,

Кудайы бир кыргыз менен өзбектин.

Достугубуз бекем болсун!

Сөздү баштаганда эле акындын “Асманы бир” аттуу ырынан баштаганбыз. Эки улуттун достугун даңазалаган ыр-музыка менен аяктайлы. Ушул клиптегидей достугубуз арта берсин, эки элдин достугу бекем болсун!

One thought on “Ахун ЖОРО, акын: “Кыргыз менен өзбектин асманы бир, дастаны бир…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.