Аида Салянова үй камагына чыкты!

Аида Салянова үй камагына чыкты!

№ 1 тергөө абагында 5-июндан бери камакта кармалып жаткан мурдагы министр, мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянова бүгүн, 15-августта үй камагына чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Ошентип, Аида Жеңишбековна кечки саат 22:25те эркиндикке чыгып, туугандары, тарапташтары менен жолукту.  Алдынан төрт жаштагы кызы тосуп чыкты.

Эскерте кетсек, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошошу тууралуу 3-июнда суракка чакырылып, 48 саатка камакка алынган. 5-июнда, Айт күнү (дем алышка карабай), Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырбай, 26-августка чейин камакта калтырып койгон эле. Аида Жеңишбековнаны бошотууну адвокаты, укук коргоочулар, туугандары жана тарапташтары жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылып келишкен.

Аида Жеңишбековнаны куттуктайбыз! “Ак ийилет, бирок, сынбайт” деген ушул!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.