Америкалык агенттердин аттары аталды. Алардын анабашы Сапар Исаков болгонбу?

Америкалык агенттердин аттары аталды. Алардын анабашы Сапар Исаков болгонбу?

Кечээ, 14-августта “Русское Агентство Новостей” порталы (аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, сүрөттөрүн көрсөңүз болот — авт.) Кыргызстанда төңкөрүш даярдалган деген маалымат таратты. “АКШ Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш даярдаганбы?” аталышта Ян Остроумов жазып чыкты. Орусчадан кыргызчага оодарып, өзүбүздүн кыргыз балдардын аты-жөнүн окуп, эсибиз ооп отурат. Анда эмесе, дал ошол маалыматка көңүл буралы.

Кыргызстанда төңкөрүш даярдаган ЦРУнун (АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармылыгы) штаттагы кызматкерлери жана агенттердин тобу аныкталып олтурат. Биз журналисттик изилдөө жүргүзүү учурунда топтолгон кишилердин аты-жөндөрүн, маалыматтар менен даректерди жарыялап олтурабыз. Бул материалды республиканын тийиштүү органдарына болгон кайрылуу катары санасаңыздар болот.

Быйылкы жылдын май айында Бишкекке «The Nationa lEndowment For Democracy» (NED) аталыштагы америкалык өкмөттүк фонддун кызматкерлери Жозеф Белл жана Спаске Гатзинска келген. Алар өз структураларында постсоветтик өлкөлөр боюнча иш алып барышат. Гатзинска – 2000-жылдын башынан бери штаттагы кызматкер, түстүү ыңкылаптарды уюштуруу боюнча Сербия менен Молдавияда иштеп, тажрыйба топтогон.

Белл 2011-жылдан бери чалгындоо кызматында, Бейөкмөт уюмдарга жашынып, Борбордук Азиядагы мамлекеттерде бир нече жыл иштеген. Анын Кыргызстанга келиши бийликти кулатууга шарт түзүү болгон деп эсептейбиз.

Бишкекте 2019-жылдын 6-12-майларда болуп, америкалык агенттер жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана саясатчылары менен жолугушкан. Алардын арасында КСДПнын оппозициялык канатынын башчысы Адил Турдукулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана адвокат Нурбек Токтакунов бар, булардын өткөн турмушу да кызыктуу.

А.Турдукулов КСДПнын мурдагы президент А.Атамбаев башында турган оппозициялык канатында жүрөт, экс-президент бийликке каршы оппозицияга өтүп, 7-8-августтагы башаламандыктын себепкери болгон, ал күндөрү жапа чеккендер жүздөп саналды.

Р.Жээнбеков Кой-Таш айылындагы полиция менен болгон кагылышууда жеке өзү катышып, бийлик менен сүйлөшүүлөргө катышкан. Америкалык чалгынчылар менен жолукканда, жеңишке жетишишсе, премьер-министр болгусу келгенин айткан экен.

Биздин изилдөөбүздүн негизинде Турдукулов менен Жээнбеков Кыргызстандагы 2014-жылы башаламандык уюштуруу иштерине да катышышкан. Алар оппозициядагы батышчыл саясатчылар менен бирдикте 2015-жылы Бишкекте, Таласта жана Ошто тополоң уюштурууну көздөп, бийликти кулата алышса, өлкөнү ЕАЭС менен ОДКБдан чыгарууну көздөшкөн.

Уюштуруу иштери оңунан чыкпай, бийлик алардын жүрүштөрүн билип койгон, ошондо ойлогон ойлорунан баш тартып, бөлүнгөн акчалардан баш тартышкан. Акча демекчи, тополоң уюштуруу аракетинде алар АКШнын өкүлдөрү менен байма-бай жолугушуп турушкан. Ал учурда Гатзинсканын NED фондундагы ордунда Мириам Лански болуп, ага АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин саясый-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Жеймс Моррис кол кабыш кылган.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Моррис дипломаттык макамга жамынып, ЦРУнун Бишкектеги президентинин милдетин аткарган. 2015-жылдын июнь айында жергиликтүү “укук коргоочу” адвокат менен жолугуп, тигил Морриске шаардык аянтта оппозициялык акция өткөрүү боюнча отчетун берип жаткан видео тарап кеткенин жакшы билебиз. Төңкөрүш жасоо аракеттери жүзөгө ашпай, 2015-жылы ал Тбилисиге которулган. Бирок, бул ызы-чуу кылмыш иши менен аяктабады, Морристе кол тийбестиги бар болсо, а Токтокунов ага чейин бир ай мурда психикалык оорусу боюнча справка алып койгон экен.

Турдукулов, Жээнбеков жана Токтакунов – сыноодон өткөн АКШ агентурасы. Мисалы, Р.Жээнбеков 2013-жылы эле жанагыл NED фонду менен каржыланып, Киевге барып, “Майдандагы” башаламандыктарга катышып, эл алдында сөз сүйлөгөн. Киевде аны “Удар” тобу тосуп алган, алардын арасында Казакстандагы башаламандыктарга тиешеси бар гей-журналист Портников да бар.

2014-жылы анын жардамчылары Украинадагы “Оңчул сектор” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, полицияга каршы кандай күрөш жүргүзүү керек, баррикадаларды кантип даярдоо зарыл, көчө атышындагы тактика кандай болуу керек деген негизде Кыргызстанга инструкторлорду жөнөтүү сүйлөшүлгөн.

2019-жылы Р.Жээнбеков төрт жыл мурун өзү кулаткысы келген Атамбаевдин тарапташтарына кошулуп олтурат, дал ошондон баштап оппозициянын аракеттери катуулап, мурдагы президенттин Кой-Таш айылындагы коргонуу күчөп, акыры тополоң менен аяктады.

7-августтан сегизине караган түнү Жээнбеков полиция менен прессага оппозициянын талаптарын келтирип, “Альфанын” алты жоокерин барымтага алууга катышкан. Бирок азыр ал күбө гана катары өтүүдө.

Токтакунов болсо мурдагы премьер Сапар Исаковдун адвокаты, ал эми Сапар Исаков республика тарыхында жогорку кызматка жете калган америкалык агенттердин бири.

2009-жылы ал президент Бакиевдин аппаратында катардагы кызматкер болуп иштеп, орус-кыргыз мамилелери жөнүндө АКШнын элчиси Татиане Гфеллерге маалымат ташып турган, ошондой эле элчилик документтеринде “өзгөчө кайтарууга алынган булак” катары белгиленген. Азыркы президент аны коррупцияга шектүү катары абакка алды, бирок АКШ Исаковду унутушкан жок.

2019-жылдын май айындагы жолугушууларда Турдукулов, Жээнбеков жана Токтакунов Гатзинскадан Кыргызстандагы америкачыл оппзициянын бекемдөөгө багытталган тапшырмаларды алышкан. Анын ичинде ЦРунун өкүлдөрү республикадагы батышчыл бейөкмөт уюмдардын башын бириктирип, бирдиктүү оппозициялык фронт түзүүнү, түндүктүк кыргыздарды түштүктүк президент Сооранбай Жэнбековго каршы биригүүнү талап кылышкан.

Эки айдын аралыгында мурдагы президент менен азыркы презденттин тиреши чегине жетип, 7-8-августтагы жаңжалга алып келди. Бийлик араңдан зорго абалды көзөмөлгө алып, көптөгөн курмандыктардан сактана алды.

Ян Остроумов, атайын «Русская Весна» үчүн

Которгон Эрзат МЫРЗА

P.S. Жогоруда аттары аталган жарандардын өзүнө бул боюнча кайрылып, жообун күтөбүз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.