Үч ВИДЕО: Салянованын 73 күндөн кийин кызы менен кучакташканы, ыраазычылыгы, апасынын батасы…

Үч ВИДЕО: Салянованын 73 күндөн кийин кызы менен кучакташканы, ыраазычылыгы, апасынын батасы…

Кечээ, 15-августта, саат 22:25те үй камагына чыккан Аида Салянова бүгүн, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу элге ыраазычылык билдирип, операцияга даярданып жатканын жазды. Анда мындай деп жазылган:

Аида САЛЯНОВА: «Сиздердин ак батаңыздар менен кызымды кучактап отурам»

Урматтуу мекендештер, туугандар! 
‌Сиздердин ак бата
ңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам! Колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириңиздерге жолугуп, ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм. 
‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 к
үн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды. 
‌Операцияга даярдануудан улам
, Сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм. Дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем! Аман болуңуздар!

Кубанычтуу кабар

Эскерте кетсек, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошошу тууралуу 3-июнда суракка чакырылып, 48 саатка камакка алынган. 5-июнда, Айт күнү (дем алышка карабай), Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырбай, 26-августка чейин камакта калтырып койгон эле…

Аида Жеңишбековнаны бошотууну адвокаты, укук коргоочулар, туугандары жана тарапташтары жок дегенде үй камагына чыгарууну талап кылып келишкен. Кечээ Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Бул өтө жакшы жаңылык, кубанычтуу кабар. Аида Жеңишбековнаны дагы бир жолу куттуктап, ден соолук каалап, алдыдагы операциясы ийгиликтүү өтүшүн Кудайдан тилейбиз!

Аида Жеңишбековнаны тосуп алган туугандарынын ВИДЕОсун төмөндөн көрсөңүздөр болот!

Апасынын кубанычы жана батасы…

Кызынын кубанып, атасын чакырганы…

ВИДЕО: Аида Салянованын тарапташы, күйөрманы Бакыт Будайчиевден алынды. Сүрөт «АКИпресстен» алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.