Атамбаев унчукпай, Атамбаева эч нерсебиз жок деп атканда 120 мүлкү чыгып калды го…

Атамбаев унчукпай, Атамбаева эч нерсебиз жок деп атканда 120 мүлкү чыгып калды го…

Бүгүн, 16-августта Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын сот УКМКнын имаратында карап, чечимди өзгөртүүсүз калтырып, экс-президентти кайрадан камакта калтырды. Атамбаевдин адвокаты С.Слесаревдин айтымында, ага 14 айып тагылган. Ошондой эле дагы бир адвокаты З.Жоошевдин айтымында, Атамбаев бүгүн соттун бир дагы суроосуна жооп бербей койгон, жооп бербей коюуга укугу бар.

Атамбаевдин сотуна жубайы Раиса Атамбаева да келип, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бир гана Кой-Таштагы үйү бар экенин, ага да кагаз чапталса, балдары менен көчөдө калаарын эртең менен жар салды эле, түштөн кийин Башкы прокуратура камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмесин жарыялады. Ал төмөндөгүдөй. Анын ичинде Ташиевдин телевидениеси да жүрөт.

Банктагы эсептер

  1. «Кыргызкоммерцбанк»
  2. «Кыргызстан» коммерциялык банкы
  3. «Оптима Банк»
  4. «Кыргыз-швейцария банкы»
  5. «Капитал Банк»
  6. Россия-Кыргызстан «Аманбанк»
  7. «Толубай» акционердик коммерциялык банкы
  8. «РСК Банк»
  9. «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»
  10. «БТА Банк»
  11. «Дос-Кредобанк»
  12. «ЭкоИсламикБанк»
  13. «Евразия сактык банкы»
  14. «Азия Банкы»
  15. «Бакай Банк»
  16. «Халык Банк Кыргызстан»
  17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы
  18. «Кыргыз инвестициялык-кредит банкы»
  19. «ФинансКредитБанк»
  20. «Айыл Банк»
  21. «Росинбанк»
  22. «Бай-Түшүм» банкы
  23. «ФИНКА Банк»
  24. «Чанг Ан Банк»
  25. «Банк Компаньон»

Банктагы ячейкалардын ээси

  1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович
  2. Атамбаева Раиса Минахмедовна
  3. «Кыргызавтомаш» ААКы
  4. «Апрель-ТВ» ЖЧКсы
  5. «Апрель» коомдук фонду
  6. «Редакция телерадиокомпании «Канал D» («Канал Ди») ЖЧКсы
  7. «Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши» («Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития») коомдук бирикмеси
  8. «Ден соолук жана узак жашоо» медициналык-билим берүүчү илимий борбору» («Медико-образовательный научный центр «Здоровье и долголетие») мекемеси
  9. «Телерадиоуюмдарынын ассоциация» юридикалык жактардын бирикмеси
  10. «Кыргызавтомаш» корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси

Атамбаевге таандык мүлктөр:

  1. Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  2. Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  3. Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  4. MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  5. BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  6. жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  7. жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал «Курорт-рекреациялык аймагы»;
  8. жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  9. жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  10. көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  11. жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  12. Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  13. турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  14. көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  15. көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  1. Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  2. Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  3. ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  4. батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  5. турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

«Кыргызавтомаш» ААКына таандык мүлк:

  1. Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  2. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  3. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  4. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  5. Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  6. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  7. Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  8. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  9. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  10. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  11. Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  12. Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  13. Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  14. Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

«Медиа Форум» ААКына таандык мүлктөр:

  1. Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  2. Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  3. Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  4. «Форум илимий-өндүрүш фирма» ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  5. Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы «Курорт-рекреациялык аймак» кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  6. Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы «Курорт-рекреациялык аймак» кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  7. Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы «Курорт-рекреациялык аймак» кварталындагы жер тилке;

«Апрель-ТВ» ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  1. Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  2. Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  3. «Апрель» коомдук фонду;
  4. «Канал D» (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы» ЖЧКсы;
  5. «Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш» коомдук бирикмеси;
  6. «Ден соолук жана узак жашоо» медициналык билим берүүчү илимий борбору» («Медико-образовательный научный центр «Здоровье и долголетие») мекемеси;
  7. «Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси;
  8. «Кыргызавтомаш» корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси.

Бул тизмени карап олтуруп, Алмазбек Атамбаевдин “өтө таза” иштегенине ынанып кеттим. “Мен 6 жыл таза иштедим, акмын, Кудай урсун!” деп эле карганып келди эле го. Абдан таза иштептир, көрдүк. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп бекер айтылбаптыр…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Атамбаев унчукпай, Атамбаева эч нерсебиз жок деп атканда 120 мүлкү чыгып калды го…

  1. Чирип кетиптир го ит баарын алып закон турундо кытайдан карызбыз очойгон ошо карыздарды жапкыла бул кытай эн коркунучтуу калк

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.