Кадыр Атамбаев элден жана Текебаевдин кызынан кечирим сурады

Кадыр Атамбаев элден жана Текебаевдин кызынан кечирим сурады

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соту УКМКнын имаратында өтүп, ага үй-бүлөсү, тарапташтары кире албай калган. Сыртта турган экс-президенттин баласы Кадыр Атамбаевден журналисттер Дача СУ боюнча суроо узатышканда, ал “Текебаевдин ойлоп тапкан жомогу” деп, Өмүрбек Чиркешовичтин дарегине орой сөз айткан. Анын андай орой сөзүн Текебаевдин кызы орундуу жооп кайтарган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Кадыр АТАМБАЕВ: “Баарыңардан жана Текебаевдин кызынан кечирим сурайм”

Айданек Текебаеванын маданияттуу сөзүн түшүнүп, уялып калдыбы, же өзүнүн кемчилигин сезип калдыбы, айтор, Кадыр Атамбаев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кечирим сурады.

Анда мындай деп жазылган: “Сегодня с фразой «умалишенный идиот», я перегнул палку, хотя и произнес ее в другом ключе («Нужно быть умалишенным идиотом, чтобы….»). СМИ ее решили «любезно» сократить. Это меня конечно же никак не оправдывает. Прошу принять мои извинения всех, включая и Dani Jonas (дочь Омурбека Текебаева). Я вполне понимаю, кто заинтересован в том, чтобы стравить меня со всеми”

Эскерте кетсек, бүгүн Алмазбек Атамбаевдин соту болуп, мурдагы чечим  эч өзгөрүүсүз калып, Атамбаев камакта калган. Ошондой эле, анын адвокаты З.Жоошев Атамбаев бир дагы суроого жооп бербей койгонун, анын мындай тандоосу туура экенин, укугу экенин айткан. Ал эми Раиса Атамбаева бүгүн ага да кылмыш иши козголгонун, Кой-Таштагы үйүнө кагаз чапталса, балдары менен көчөдө калаарын баса белгилеген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрсөңүздөр болот!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.