АТАМБАЕВА: “Кой-Таштагы үйгө кагаз чапталса, үй-бүлөм менен көчөдө калышым ыктымал» (ВИДЕО)

АТАМБАЕВА: “Кой-Таштагы үйгө кагаз чапталса, үй-бүлөм менен көчөдө калышым ыктымал» (ВИДЕО)

Бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык соту (сот УКМКнын имаратында каралды) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карады, ага адвокаттардан башка киши кире алган жок. Алардын арасында Раиса Атамбаева да бар. Ал журналисттерге бүгүнкү абалын айтып, ага да кылмыш иши козголгонун айтты. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июнда коррупцияга айыпталып, кармалып, камалган. Ал Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, үй камагына чыккан. Ошондой эле ал мыйзамсыз иштерге Р.Атамбаеванын суранычы менен барганын билдирген видеосу Интернетке тараган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрсөңүз болот.

Баса, Бишкек шаардык соту Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырып, ал 26-августка чейин камакта калды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.