Сапар Исаковдун абалы начарлап, мээдеги кан айлануусу бузулуп ооруканага түшкөн…

Сапар Исаковдун абалы начарлап, мээдеги кан айлануусу бузулуп ооруканага түшкөн…

УКМКнын убактылуу тергөө абагындагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун ооруканага түшкөнү боюнча УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн Исаковдун абалы начарлап, дарыгерлер консилиум өткөрүшкөн. Алар ага “омуртка артериясынын симптому” (синдром позвоночной артерии) диагнозун коюп, мындай учурда омуртка артериясы кысылып, мээдеги кан айлануу бузуларын айтышкан. Ошондон кийин ооруканага которулган, бирок,  кайсы ооруканага жаткырылганы айтылган жок.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковго “ЖЭБди модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар” деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, 2018-жылы камалган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.