(Төрт ВИДЕО) Мирзиёев “Манас” айылын 45 күндө бүтүргөн, а биздикилер канча жылда бүтүрөөр экен?

(Төрт ВИДЕО) Мирзиёев “Манас” айылын 45 күндө бүтүргөн, а биздикилер канча жылда бүтүрөөр экен?
Сүрөт: Султан Досалиевдики.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекске 16-августта барып, анын абалы менен таанышты. Анда президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.

“Манас айылы” этно-шаарчага айланабы?

Президент менен кошо барган Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын жана аталган комплекс министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын айтты эле, анын мындай идеясын президент колдоду. Ошондой эле президент министрге комплексти реконструкция кылуу учурунда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырып, аны реконструкция кылуу жана этно-шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, бул жер борбор калаанын тургундары, коноктору жана чет элдик туристтердин эс алуу жайы болушу керектигин баса белгиледи.

Айтылды. Эми ал качан аткарылаар экен?

Президент менен министрдин ортосунда жакшы сөз болду. Эми ал аткарылабы же сөз бойдон калабы, маселе ошондо. Себеби, ал «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы эле курулуп, ачылган. Анан колдон колго өтүп келди. 1998-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө ккомплекстин абалы өтө начар.

Өзбекстандагы “Манас” айылы 45 күндө эле бүткөн…

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев былтыр жаман абалда турган “Манас” айылын 45 күндүн ичинде бүтүртүп, кыргыздарга жакшы иш кылып берген. Тагырагы, өзүнүн кичи мекенинде (Жиззак облусунда) жайгашкан (жалаң кыргыздар жашаган) Манас айылын 45 күндүн ичинде жаркыратып, жаңы шаарчага айландырган. Мындай мамилеси менен ал кыргызга нак достугун көрсөттү. Өзбекстандын президентинин кыргызга болгон мамилесин сыймыктануу менен кабыл алганбыз.

Мурда кандай эле, кийин кандай болгонун төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Ак калпакчан кыргызым…

“Тез кабардын» ээси Атакул аттуу  жигитибиз «Манас» айылына тез жетип барып, өз көзү менен көрүп, суктанып тартып келген. Анын тарткан эки бөлүгүн сиздерге тартуулайлы.

Самара КАРИМОВА: “Эки элдин достугу — эгиз, эки элдин достугу – деңиз”

Ушундай укмуш сөздөрдү сүйлөп, эки элдин достугун даңазалаган ырчы Самара Каримова дагы аталган айылга барып, ал жердеги туугандарга концерт койгон.

Мына, окурман, өзүңүздөр күбө болдуңуздар, кылам деген киши 45 күндө эле кылып коет экен, бүтүндөй бир айылды шаарчага айлантып отурат. Ал айылга салыштырмалуу биздин комплекс кичинекей эле жер, аны бир айда эле бүтүрсө болот. Тилекке каршы, биздикилер айлап, жылдап жүрүп алат. Канча күндө бүтүшөөр экен, бүгүнтөн баштап санайлы! Күн да эмес, ай да эмес, жылдап кетет го!..

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.