Атамбаевдин кудасынын үйүнөн ири суммадагы акча жана тизме табылды

Атамбаевдин кудасынын үйүнөн ири суммадагы акча жана тизме табылды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө караганда, экс-президенттин баласы Сейитбек Атамбаевдин кайын атасы Ж.М. жашаган Бишкек шаарындагы үйүнөн ири суммадагы акча тинтүү учурунда, текшерилген үйдөн Сейитбек Атамбаев 8-августта таштап кеткен баштык табылган. Анын ичинде 170 миң сом, адамдардын тизмеси, алардын жашаган жери, телефон номурлары жазылган барактар, 2 млн 225 миң сом жана 318 миң доллар сарпталганы тууралуу маалыматтар жазылган кагаз болгон. Мындай сумма митинг менен башаламандыктын катышуучулары үчүн пайдаланылган.

Бул маселе боюнча учурда кылдат текшерүү иштери жүрүп жатканын жана ага тиешелүү чаралар кабыл алынаарын билдирген ИИМ.

Сейитбек Атамбаевдин ур-токмокко алынганы боюнча…

Бул менен катар эле ИИМ Сейитбек Атамбаев “катуу ур-токмокко алынган” (бул сөздү кечээ анын өгөй апасы Раиса Атамбаева тараткан. «Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев ур-токмокко алынып, балдак менен жүрөт»,-деген – авт.) деген маалыматка түшүндүрмө берди.

ИИМ: «Сейитбек Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына 8-августта чакырылганда эч кандай жаракаты жок болчу. Эртеси күнү суракка келген учурда бутун кайрып алып, травматологиялык пунктуна кайрылганын айткан. Анын айтуусу боюнча, 7-8-августта, Кой-Ташта болгон окуяларда денесине эч кандай залака келтирилген эместигин билдирген«.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.