Ирина КАРАМУШКИНА: “Кой-Таштагы башаламандыкты эл уюштурган жок”

Ирина КАРАМУШКИНА: “Кой-Таштагы башаламандыкты эл уюштурган жок”

ЖК депутаты Ирина Карамушкина Сагынбек Абдрахмановдун айтканына жооп кайтарганын “Азаттык” жазып чыкты.

Депутат “Азаттыкка”: «Биринчиден, биз «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын тааныбайбыз. Бул партия эмес. Алар жөн гана партиянын желегин алып алышкан жана буларда партиянын документи, мөөрү да жок. Юстиция министрлиги болсо аларды мыйзамсыз каттаган. Ал эми Кой-Таш оппозиция чогулган жер болгон. Мыйзам боюнча оппозиция чогулуп жыйын кыла алат. Кой-Таштагы башаламандыкты эл уюштурган жок»,-дептир.

Эскерте кетсек, С.Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектесе, азыр КСДПнын лидери. Тагырагы, Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду быйыл жазында (18-апрелде) КСДПнын лидери катары каттоодон өткөргөн. Аны уккан экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары “өкүм зордукка салып партияны тартып алуу” катары баалап, мыйзамсыз чечим экенин баса белгилеп, Юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. И.Карамушкина жогоруда дал ушул талаш меселени айтып жатат.

Эми Абдрахмановдун билдирүүсүнө келсек…

Сагынбек Абдрахманов ал жетектеген КСДПнын мүчөлөрү ЖК депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, Карамат Орозованы, Мурадыл Мадеминовду жана Анвар Артыковду Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу КСДПнын катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүп жатканын билдирип, алар мандатын тапшыруусун талабы да коюлуп, ал Ошто башталганын социалдык тармактарга жазган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Эске сала кетсек, 7-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, бир офицер каза болгон. Эртеси, 8-августта ИИМ Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп,  аягында Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Кой-Таштагы окуя боюнча Кодуранова менен Карамушкина УКМКда маал-маалы менен сурап берип келүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.