Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “2020-жылкы парламенттик шайлоодо чыр чыгат, себеби…”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “2020-жылкы парламенттик шайлоодо чыр чыгат, себеби…”

Экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевич менен дайыма учур маселеси боюнча маек куруп келебиз. Бу жолу да окумуштуунун оюн угууга шаштык. Бирок, ооруп турган экен… Ошого карабай, жооп берди. Алгачкы эле сурообуз аянычтуу тагдырга туш болгон мурунку ажо Алмазбек Атамбаев болду.

-Каныбек мырза, Алмазбек Атамбаев ушундай тагдырга туш болот деп ойлодуңуз беле?

-Атамбаевдин тагдыры ушундай болоорун карапайым кыргыз мурдатан эле билип келген. Болгону анын мүнөзүн чеберчилик менен пайдалангандар азыр бийликте. Элдин тагдыры аларга бир тыйын! Мына Атамбаевдин трагедиялуу финалы соттон каралды дагы түрмөгө калтыруу жазасы бекемделди. Башка кандай чечим болуусу мүмкүн эле?

Андай чечимге макул болбогон адвокаттары Атамбаев “бир да суроого жооп бербейм” деген коргонуу линиясын алардын кеңеши менен тандап алганын айтып чыгышты. Коюлган 14 айыптын бир дагы суроосуна Атамбаев жооп бербей койбойт го дейм, кандай дейсиз?

-Менимче, Атамбаев жакында сүйлөй баштайт, болгондо дагы абдан катуу сүйлөйт. Зор резонанс болот. 14 суроо — бул прокуратуранын эле процедуралык аракеттери. Ал дооматтардын баардыгына Атамбаев оңой эле жооп берет. Анткени, аны суракка алып, сотко жибере тургандар ошол эле Атамбаевдин кадрлары. Айтмакчы, Жээнбеков деле ошолорду пайдаланып жүрөт. Бул спектакль!

Атамбаевге коюлган айыпты үй-бүлөсү да четке кагып келишүүдө, аларды да туура түшүнсөк болот. Кечээ сотко келип, ичине кире албай калган Раиса Атамбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: “Резиденциядагы үйдү өзүбүздүн каражатка салганбыз. Дегеле эч нерсебиз жок, Кой-Таштагы үйдө жашап жатабыз, ал камакка алынса, анда балдар менен көчөдө калам”,-деп айтты. Ал аңгыча эле Башкы прокуратура Атамбаевдин 120 мүлкүнүн тизмесин жарыялап, элдин оозун ачырды. Аны карап отуруп, башка мамлекеттен акчаны Атамбаев өлкөгө эмес эле, өзүнө сураган турбайбы деген ой кетет экен. А сизчи, кандай ойдо калдыңыз?

-Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын “көчөдө калып жатабыз” дегени бет тырмоочулукка жатат. Анын андай сөзү элдин кыжырын ого бетер күчөттү жана күчөтүүдө. Атамбаевдин мүлкүн бийлик тактап туруп, анан жарыя кылды. 120 мүлкүнүн тизмесин окуп, менин да эсим ооп турат. Демек, Атамбаевдин үй-бүлөсү ушунча байлыкка маарыса, анда анын жан-жөөкөрлөрү менен досторунун байлыктары канча? Бир дагы өндүрүш жарытылуу иштебесе, анан кайдагы киреше? Демек, Атамбаев өзүнүн достору менен сырттан карыз алуу амалына өтүп алышкан. Келген акчаны каалагандай бөлүшүп, элди төлөй турган кылып кюшкан. Бул чыккынчылыктын жеткен чеги. Убагы келгенде баары ушинтип чыгып калат да, жазасын алат! Башкаларыныкы да чыгат, ага аз калды.

— Атамбаевдин көчүн улаган уулу бар экен. Кенже баласы кечээ атасынын сотко келип, журналисттердин Дача СУ боюнча суроосуна жооп берди. “Ал Өмүрбек Текебаевдин ойлоп тапкан жомогу” деп, саясатынын дарегине орой сөз айтты. Текебаевдин кызынын маданияттуу жообун уккандан кийин, ал одоно сөзү үчүн элден, Айданектен кечирим сурады. “Саясатка аралашам” деп теминип турган Кадыр Атамбаевге кандай баа берүүдөсүз?

— Ал баланын тың экенине көзүм жетти. Бирок, бул азамат, атасынын саясатын улап жатпайбы? Текебаевдин аброюнан айланып гана кетсин дээр элем. Өмүрбекке кандай гана жаман сөздү айтпады! Бирок, Текебаевдин акылдуу кызы Айданек ага татыктуу жообун берди го! Мени кыжаалат кылган бир ой калды. Биз, аксакалдар 28 жылдан бери ашмалтайыбыз чыгып бүттү. Эми ушул “иттигибизди” балдарыбызга транзит кылабызбы? Жок, андай болбошу керек! Балдарыбызга өлүп баратсак дагы адилет сөздөрүбүздү айтып калалы!

-Адилет сөз демекчи, Атамбаевдин баштыгы үчүн кызматынан кол жууп, садага чабылган Курсан Асанов тууралуу адилеттүү сөзүңүздү айта аласызбы? “Милициянын кызыкчылыгын саткан” деген мыйзам жок экенин экс-депутат Чолпон Жакупова айтып чыкты.

-Конституция боюнча элдин (өлкөнүн) гана кызыкчылыгы сакталат. ИИМ, же болбосо башка министрликтердин кызыкчылыктары деген түшүнүк — бул кылмыш. Анархия болуп кетпейби? Ушундай текст менен буйрукка кол койгон премьер-министр Абылгазиевдин деңгээлине баракелде дейли. Жумшак айтканда!

Курсанды мен жаш жигит кезинен бери билем. Элдин коопсуздугун коргойм деп фанатик болуп чоңойгон жигит! Анын эрдиктерин баары билет. Ишенчээк, анан укмуш адамгерчиликтүү инсан. Билими дагы күчтүү. Кээ бир катачылыктары болсо болгондур. Андай иштерин сотко берип эле териштирип койсо болот. Бирок, бир чындык нерсени айтып коёюн: 7-8-августта Курсан иним жарандык согуштан өлкөнү сактап калды. Элестетип көргүлө, эгерим, Кой-Ташта атышуулар болуп кетип, андан ары дагы кан төгүлсө?! Бийлик дароо эле качып кетмек. Эл шорлоп калмак. Курсандын ушул миссиясын көрө албай жаткандар кыргыздын душмандары. Курсанга доомат болсо сотко берип эле териштирип коюшпайбы? Президент дагы ойлонуп жаткандыр!..

-Президентти көп эле нерсе ойго салып койду болуш керек. Ал да учурда катуу сөз болууда. “Достугуна карабай коррупционер деп Атамбаевди абакка отургузду. Бул чоң эрдик”,-деп кол чаап атат көпчүлүк, ал эми Атамбаевдин тарапташтары башка пикирде. Алар аны: “саткын, бийликке Атамбаевдин арты менен келген”,-дешүүдө. Президент болсо, “мени эл шайлаган”,-дейт. Дегеле мурунку, кийинки президенттер жөнүндө эмне айта аласыз?

-Жакшы суроо бердиң, айланайын, мен президенттер жөнүндө, өзүмдү кыйнап жүргөн бир купуя оюман баштайын. Батыштын либералдык жалган баалуулуктары СССР тарагандан кийин эле бизге — Кыргызстанга катуу таңууланып кетти. Казактар, өзбектер, тажиктер, айрыкча түркмөндөр дароо эле Батыштын жалган, улуттун түбүнө жете турган нерселеринен оолактап алышты! Бирок, алар деле жыргап кетишкен жок. Ар бири өзүнө мүнөздүү болгон (менталитет) күндөрүн баштарынан өткөрүп келүүдө. А биз эмне болдук? Дароо эле завод-фабрикаларыбызды, колхоз-совхоздорубузду кыйратып кирдик. Батыштын идеологдору кыргыздын ичинен өзүнүн идеяларын так аткара турган, улуттун кызыкчылыгын түк ойлобогон адамдарды издеп табышты. Алар: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдор! Бул эргулдар тез эле убакытта эбегейсиз байлыктарга ээ болуп алышты. Калп эле “мени эл шайлады, мен элдин адамымын” деп көкүрөк кагышат. Чынында алардын баары марионеткалар! Ошол бешөөнүн тең бүгүнкү тагдырлары менин жогорудагы ойлорумду, айткандарымы далилдеп турат! Бүгүн Акаев Россияда, Бакиев Белоруссияда, Отунбаева Лондондогу үйүн акмалай баштады, Атамбаев түрмөдө, Жээнбеков болсо дагы ары-бери жакты карап кайсалактап турат. Анын дагы кайсы өлкөгө кетип калуу варианттары көп! Демек, кыргыз деги эле татыктуу башчыга жарыбай койду. Бирок, бир таң калыштуу феномен! Кыргыз өзүн-өзү бага баштады. Уул-кыздары жер кезип, Россияга, Казакстанга, Батыш — Чыгыш өлкөлөрүнө кете башташты. Көр-оокаттарын өткөрүшүп, ата-энелерин багышты. Кыргыз экономикасына зор үлүштөрүн кошушту. Бирок, бийлик такыр акылына кирбей койду да! Ошол мигранттардын эмгегин өзүнүн ийгилигине ыйгара баштады! Мактанып, көрүнгөн жерде жарыя кылганга маш болду!

-Көп президенттүү болуп, көп нерсе өзгөрдү. Дайыма шайлоо алдында ар бир президент шайлоолор мыйзамын өзгөртөт. Мына дагы кыйла өзгөрүп, президент бир нече мыйзамга 13-августта кол койду. 27-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алып берип, каникулга кеткен. Өзгөргөн мыйзамдар менен таанышып көрдүңүзбү? Кайсы жерине макулсуз дагы, кайсыга каршысыз? Мисалы, айрымдары: “Мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жерине каршы болууда, гендердик саясат дегенди токтоксок деп… А сизчи гендердик саясатты колдойсузбу?

— Профессорлук билимим менен акылымын жетишинче, абдан кунт коюп окудум.  Жогорку Кеңеш өзүнүн эле кызыкчылыгын көздөп президентти дагы бир жолу ыңгайсыз абалга кептеди. Балким президент өзү дагы ушуну кааладыбы, билбейм? «Азаматтар» бир нерсени түшүнбөй жатышат. Мурдагылар дагы ошондон күйүшкөн. Кыргыз эли унчукпай эле жутуп коюп отура берет. Анан тигилердин шиши толгондо көтөрүлөт дагы, көңтөрүп коёт. Кечээги шайлоо мыйзамын зордук менен эле алдырып алгандарын элдин көпчүлүгү түшүндү. Демек, 2020-жылкы парламенттик шайлоо чыр менен болот дагы, азыркы бийлик куулат! Преференциялар боюнча айтсам, Конституцияга каршы келген нормалар. Аялдар, эркектер жаштар, башка улуттардын өкүлдөрү баары — Кыргыз Конституциясынын алдында бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ. Башка пикир дагы болушу мүмкүн эмес.!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

One thought on “Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “2020-жылкы парламенттик шайлоодо чыр чыгат, себеби…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.