ШИИББ: “Маньяктын түнөгү” деген видеого ишенбегиле жана жайылтпагыла!”

ШИИББ: “Маньяктын түнөгү” деген видеого ишенбегиле жана жайылтпагыла!”

Мындан эки күн мурун канга боёлгон дубалдар, целлофан баштыкка оролгон адамдын денесине окшош сөлөкөттөр асылып турган түшүнүксүз нерселерди эки-үч бала кыдырып, тарткан видео алгач “Фейсбукка” чыккан. Анан ал “Маньяктын түнөгү» деген аталыш менен бардык социалдык түйүндөргө жайылып кетти. Бул табышмактуу жайды көргөн коомчулук кооптонуп, кызуу талкууга алышууда.

Учурда интернетке тарап жаткан видео тууралуу Бишкек ШИИББи маалымат таратты. “Социалдык тармактын колдонуучулары аркылуу тарап жаткан видео чындыкка дал келбейт, андыктан аны жайылтпоону өтүнөбүз. Видеодо квест оюну ойнолуучу жай көрсөтүлгөн”,-дейт милиция.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.