ИИМ: “Интернетке жалган маалымат жазып, аны тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!”

ИИМ: “Интернетке жалган маалымат жазып, аны тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!”

“Кыргызстанда башаламандык чыгышы мүмкүн, ушуга байланыштуу азык-түлүктү көбүрөөк камдап алгыла!” деген чагымчыл маалымат аудиолор менен  «WhatsApp» аркылуу тарап жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, өлкөдө саясий абал туруктуу, тынчсызданууга эч кандай негиз жок.

Учурда милиция туура эмес маалыматтарды тараткандарды издешүүдө. Ошондой эле ИИМ Интернетке жалган маалымат жазып, аны тараткандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти жана  жалган маалыматты жайылтпоого чакырды!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.