100 миң сомго кулчулукка сатылып кете жаздаган кыз куткарылып, туугандары изделүүдө…

100 миң сомго кулчулукка сатылып кете жаздаган кыз куткарылып, туугандары изделүүдө…

Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Алардын айтымында, Жалал-Абад шаарында 19 жаштагы кызды 42 жаштагы аял кулчулукка 100 миң сомго сатып, акчаны алып жаткан жеринен кармалган.

 

Кармалган аял Жалал-Абад шаарынын тургуну болуп чыккан. Анын кардар издеп жатканын кимдир бирөө милицияга билдирген. Ошол маалымат боюнча, Ч. М. аттуу аял “Нур” мейманканасынын алдынан кармалып, М.Д. аттуу кыз кулчулуктан куткарылып калган. Ч.Мнын жанынан 100 миң сом чыккан. Ага «Киши сатуу» айыбы коюлуп, кылмыш иши козголуп, анын бөгөт чарасы 16-августта Ош шаардык сотунда каралып, эки айга камакка алынган.

Кулчулукка сатылып кете жаздаган М.Д. моралдык-психологиялык жактан жабыркап, катуу коркуп калган. Ага учурда психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Анын менен катар анын жакындары, туугандары изделүүдө.

Сүрөттө: Ч.М. аттуу шектүү аял.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.