Алдамчылык кылып, документ жасаган аял кармалды

Алдамчылык кылып, документ жасаган аял кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызмат билдирди. Алардын айтымында, Москвада эл аралык издөөдө жүргөн 50 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Буга чейин аны алдамчылыкка жана документ жасалмалоо боюнча Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы издеп жаткан. Шектүү аял Ош-Бишкек-Ош каттамына ири суммага авиабилет сатылып алынганы тууралуу жасалма документ тапшырып, качып кеткени айтылат тергөө материалдарында.

Сүрөт: ИИМдики.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.