Пикетке чыгып, алаканын кескен аялды Ак үй кабыл алды

Пикетке чыгып, алаканын кескен аялды Ак үй кабыл алды

Бүгүн Ак үйдүн алдына эже-сиңди пикетке чыгып, алар бир нече жылдан бери мүлк талашып, соттордун кордугуна кабылып келатканын айтышты. Аргасыздан Ак үйдүн алдына келип, президенттин көңүлүн бурдуруу  үчүн пикетке чыгышкан.

Бир туугандардын улуусу миздүү устара менен сол алаканын тилип жиберип, ага тез жардам чакыртылды. Ал жерге милициялар да келип, жабырлануучуга маселеси мыйзам чегинде чечилерин айтышты. Андан соң, эже-сиңди президенттик аппараттын арыздарды кабыл алуу бөлүмүнө чакырылып, сүйлөшүү өткөрүлдү.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.