Садыр Жапаров кайрадан камакта калды

Садыр Жапаров кайрадан камакта калды

Бүгүн, 19-августта экс-депутат Садыр Жапаровдун иши Чүй облусттук сотунда каралып,  Аламүдүн райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Мындай чечимге макул болбогон С.Жапаровдун  тарапташтары сотторго наалат айтып, «сотторго элдин ишеним кетти. Акыркы үмүттү өчүрүштү»,-деп нааразы болушту. А чынында бүгүн эркиндикке чыгат деп үмүттөнүп турушкан.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып тагылган. Ошонун негизинде 2017-жылдын март айында, Атамбаевдин бийлигинин тушунда, Кыргызстанга кайтып келатканда, чек арадан кармалып, УКМКга күч менен алынып кеткен. 2018-жылы соту болуп, 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл, жазында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөөрүн, эгер ага мунапыс берилсе, анда абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.