Турсунбек Акун Атамбаевге карата жазган арызын артка ала турган болду. Себеби…

Турсунбек Акун Атамбаевге карата жазган арызын артка ала турган болду. Себеби…

Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата 100 миң сомдук доо-арызын артка кайтарып ала турганы маалым болду. Андай оюн ал «24 kgге» кабарлаган. Арызды артка алуунун себебин ал: “Алмазбек Атамбаев азыр абакта, ага өтө оор беренелер тагылып, айыпталууда, ал кылган иштерине жооп берет. Албетте, анын мени “100 миң доллар пара алган” деп айткандары жалган. Жалган жалаа боюнча соттошкондун мааниси жок”,-деп түшүндүргөн.

Муну менен катар мурунку акыйкатчы «Апрель» телеканалы менен журналист Канат Каниметовго карата 500 миң сомдук доо-арызын кайтарып албастыгын билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.