УКМК: «Сапар Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө»

УКМК: «Сапар Исаков дарыгерлердин көзөмөлүндө»

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануусун алууда.

Эскерте кетсек, С.Исаков 16-августта ооруканага которулуп, ага “кыр арка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлган. “С.Исаков ЖЭБди модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар” деп айыпталып, кылмыш иши козголуп, 2018-жылы камалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.