Экономикалык жактан иш козголгонун билбеген Бабанов бүгүн УКМКга суракка барат

Экономикалык жактан иш козголгонун билбеген Бабанов бүгүн УКМКга суракка барат

Жакында эле (9-августта) Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполицияга) кечээ, 19-августта чакырылып, беш сааттай сурак берип чыккан. Ал «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКсына тууралуу сурак берип чыкканын, 20-августта УКМК суракка чакырылганын айткан. Ошентип, буга чейин «коркутуп» келген УКМКга бүгүн барат. 

“Кыргызстан” банк боюнча…

Ушул жылдын апрелинде “Кыргызстан” коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү башталган. Ошондо Финпол “Кыргызстан” банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Мындай көрүнүштү Бабановдун тарапкерлери “Бабановду өлкөгө келтирбөө» аракети дешкен.

Эми УКМКга келсек…

Баарыбызга эле белгилүү болгондой, Бабановго УКМК эки кылмыш ишин козгогон: «Улут аралык кастыкты козутуу», «бийликти күч менен басып алуу». УКМК дал ушул эки маселе тууралуу мыйзам чегинде жоопко тартылаарын 8-августта эскерткен. Сурактан качпасын билдирип, эртеси эле Бабанов Бишкекке учуп келген. Дал ошол күнү эмнеге аны суракка чакырган жок? Анткени, ошол күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болуп, ага Орусия, Казакстан, Армения, Белоруссиянын премьер-министрлери келген.

БАБАНОВ: «Эми экономикалык жактан иш козголгон экен»

Кыскасы, Бабанов баарын билип эле келген. Аны өзү деле кечээ айтты го: «Сыртта бир жыл, тогуз ай жүрдүм, баарына даяр болуп келдим. Он-Адыр боюнча козголгон иш мурунку бийликтин саясий иши болгон. Эми экономикалык жактан иш козголгон экен, бул да жок болот деп ойлойм«, — деп.

АТАМБАЕВ: «Чаң-тополоң чыгарбаганы үчүн Бабановго рахмат айтуу керек»

Жогоруда Бабанов Он-Адыр боюнча козголгон ишти мурунку бийликтин саясий иши экенин айтып жатпайбы. Мурунку бийликтеги президент Алмазбек Атамбаев аны азыркы бийликке шылтап койгон. Ал «Апрель» телеканалына былтыр интервью берип жатып, агынан жарылган. Бабановго козголгон иш жабылышы керектигин айтып, аны мактаган. «Бабанов шайлоодон кийин чаң-тополоңду баштаса болмок, бирок, ал анткен жок. Кыргызстандын ынтымагы ыйык экенин иш жүзүндө көрсөтө алды.  Керек болсо, ал «саясаттан кетем» деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди. Бир жыл ичинде тынчтыкты бузууга аракет кылбаганы үчүн, ага рахмат айтуу керек«,-деп айткан эле Атамбаев. Андан кийин да, Кой-Ташта: «Бабанов Кыргызстанга келиши керек!»,-деген.

Эгер Атамбаевдин кечээги досу, бүгүнкү касы Сооронбай Жээнбеков анын көчүн улап, сөзүн угуп, ага бийликти көмүскөдө башкартса, Бабанов тууралуу ушундай жалындуу сөздөрдү айтат беле? Өзүнө керек болгондо гана эки Өмүрбекти эстеди. Өмүрбек Текебаевди дагы каматканына өкүнгөнүн айткан. Бирин каматса, бирин куугунтуктаганы элдин эсинде. Эми минтип өзүнө 14 кылмыш иши козголуп, оор айыптар тагылып, темир тор артында калды. «Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң» деп бекер айтылбайт да. Таба эмес, тобо!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.