Карамушкина айткан баланын атасы менен маек. Атанын арманы…

Карамушкина айткан баланын атасы менен маек. Атанын арманы…

Депутат Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуяда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан каза болгонун бирөөдөн угуп жазган Курманбек уулу Миржан тууралуу ИИМ бүгүн (20-августта) маалымат берди. Бул боюнча алар иликтөө жүргүзсө, мындай аты-жөнү менен Кыргызстанда 2930 адам чыккан. Бир гана 1996-жылы туулган баланын жашы туура келген. Ал Талас районундагы Арал айылынын тургуну болуп чыгып, ал Кой-Таштагы окуядан эмес, Суусамыр өрөөнүнөн кырсыктап каза болгону маалым болгон. 

ИИМдин маалыматынан кийин, биздин (alakan.biz) сайт маркум Миржандын атасы Курманбек Шабдановдун телефонун таап, чалып болгон чындыкты өз оозунан уктук.

Курманбек байке, саламатсызбы, кеч чалган үчүн кечирим сурайбыз. Балаңыздын жаткан жери жайлуу болсун! Уулуңуз жөнүндө болгон чындыкты өз оозуңуздан угалы деп чалып калдык эле…

— Журналистсиңерби? Баламдын өлүмү тууралуу сурайлы деп турасыңарбы?.. Айланайын, кызым, чырактай баламдан ажырап турганда, ушундай калп нерсени айтып, жазып өлгөнгө көмгөн кылып жатасыңар. Телевизордон көрүп, баламдын аты-жөнүн угуп жүрөгүм ооруп, кан басымым 220 чейин көтөрүлүп атат, алтындарым ай! Менин балам жөнүндө айтылган маалыматтын баары калп. 25 жашта деп жашын да туура эмес берүүдө.

— Канчада эле? Үй-бүлөсү бар беле?

— Менин балам 23 жашта болчу. 21-сентябрда 23 жашка толмок. Быйыл үйлөнөм деп турган эле. Уулумдун жакшылыгын көрбөй, жамандыгын көрүп, жаным сыздап турат, кагылайын, кызым! Менин балам жаман жолго барбаган, арак ичпеген, тамеки чекпеген бала болчу, ушундай алтын баламдан ажырадым.

— Кечиресиз, Кой-Ташка барган эмес да э?

— Мындай сөз кайдан, кимден чыкты? Эгер бул сөздү Карамушкина чыгарса, анда ал аял да бирди көрөт. Бирок, мен бирөөнү каргап, бирөөгө жамандык каалабаган кишимин. Мындай кырсыкты душманыма да каалабайм. Атадан баланы ажыратпасын! Бала жаш өлбөсүн! Менин балам Кой-Ташка барган эмес. Кырсыктап каза болду, эч кандай, кимдир бирөөнүн колунан өлгөн жок, кагылып кетейиндерим. Суусамырга мергенчиликке барганда кырсыктап калып отурат, мылтык менен өзүнүн бутуна атып алып, каза болду. 11-августта, айт күнү, Кудайдын улуу күнү баламды жерге бердим. Жаны жаннаттан болуп, бейишке чыксын, кагылайынымдын! Балаңдан сага топурак буйрубай калган эң жаман. Балаң сага эмес, сен балаңа топурак салып калуу бул — өксүк, өмүр бою бүтпөгөн арман. Өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө так калды. Эгерде баламдын арбагын жайына коем десеңер, анда туура эмес сөз жазып, жалган маалымат таратпагыла, кагылайындарым! Баламдын арбагын жайына койгулачы, силерден сураныч… Болгон чындык ушу, кызым!

Эскерте кетсек, кечээ, 19-августта Карамушкина “Фейсбуктагы” баракчасына Кой-Таштагы окуяда күч кызматкерлери ур-токмокко алган 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан каза болуп калганы тууралуу кабар укканын жазган. Жана ошондой эле эл өкүлү ошол күнү жабыркагандарды эч нерседен коркпостон сотторго, эл аралык уюмдарга кайрылууга үндөгөн.

Депутаттын мындай маалыматын УКМКнын басма сөз кызматы четке кагып, “далилсиз маалыматты жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо”,-деген. Аны менен бирге жалган маалымат тараткандар мыйзамга ылайык жоопко тартыларын эскерткен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.