УКМК: “Карамушкинанын айткандары жалган маалымат, коомчулукту алдоо”

УКМК: “Карамушкинанын айткандары жалган маалымат, коомчулукту алдоо”
Сүрөт: «Спутниктики»

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кечээ, 19-августта “Фейсбуктагы” баракчасына Кой-Таштагы окуяда күч кызматкерлери ур-токмокко алган 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан каза болуп калганы тууралуу кабар укканын жазган. Жана ошондой эле эл өкүлү ошол күнү жабыркагандарды эч нерседен коркпостон сотторго, эл аралык уюмдарга кайрылууга үндөгөн.

Депутаттын мындай маалыматын УКМКнын басма сөз кызматы четке кагып, “далилсиз маалыматты жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо” деп баалады. Аны менен бирге жалган маалымат тараткандар мыйзамга ылайык жоопко тартыларын эскертти.

МИНИСТРЛИК: «Андай каза болгон адам жок, тизмени карадык»

Карамушкинанын мындай маалыматын Саламаттыкты сактоо министрлиги да четке какты. Басма сөз кызматындагы Жылдыз Айгерчинова: «Андай адам каза болду деген маалымат чындыкка жатпайт. Тизмелердин баарын карап чыктык. Медициналык жардамга кайрылгандар арасында да андай фамилия жок».

Карамушкинанын «Фейсбукка» жазганы жана айтканы…

ГКНБ! При вооружённом захвате мирных граждан в Кой таше все видели как летал над нами вертолёт и дистанционно-пилотируемый летательный аппарат (дрон), у вас есть чёткие и ясные факты, что не народ готовил беспорядки, а власть спровоцировала людей на защиту своего права иметь оппозиционную площадку к власти и защиту ни в чём не виновного, а гонимого за свои принципы А.Атамбаева! Почему не покажете свои видеоматериалы? И цинично всем раненным и избитыми сотрудниками спецназа простых граждан, самому Атамбаеву и его окружению» лепите» организацию беспорядков и сопротивление власти при задержании? А что ,теперь так задерживают экс Президентов, как террористов и лидеров бандформирования??? 
Кстати, до нас дошли сведения, что умер от ран спецназа и избиений Курманбек уулу Миржан, 24 года(((….сейчас ребята партийцы уточняют, и если это так, я прошу всех раненных и искалеченных 7-8 августа писать иски в суды, в международные организации по защите прав граждан!Не бойтесь! Ничего противозаконного мы не сделали, это власть устроила диктатуру!Власть должна ответить за противозаконные действия! Власть должна ответить, что лишила, арестовала офисы студии «Апрель»и СДПК, что арендовали в «Медиа Форуме»! Вот где должен был оперативно собраться Жогорку Кенеш и защитить права своих избирателей! Но изначально предав, теперь только трусливо будут поджимать хвосты, теряя последний авторитет законодательного органа…

Эскерте кетсек, 7-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө аны кармоо операциясы жүрүп, ишке ашпай калган. Ортодо кагылышуу болуп,  бир топ адамдар жаракат алып, бир офицер каза болгон. Эртеси, кармоо операциясын ИИМ жүргүзүп, Курсан Асанов менен сүйлөшкөндөн кийин Атамбаев колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.