Аида Салянованын абалы оорлоп ооруканага жаткырылды

Аида Салянованын абалы оорлоп ооруканага жаткырылды

Мурунку башкы прокурор, мурунку министр, мурунку депутат Аида Салянова бүгүн Улуттук кардиологиялык борборуна жатты. Бул тууралуу анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди. Анын айтымында, Аида Жеңишбековнанын абалы оор, жүрөк булчуңдары сезгенип, ооруканага жаткырылган.

Буга чейин деле туугандары, адвокаты жүрөк оорусу бар экенин, дарылануу керектигин айтып келишкен.

Аида Жеңишбековнага ден соолук каалайбыз, тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.