АЙДАРАЛИЕВ: “Улуу тоонун шумкарларын сот бүгүн чыгарышы керек, себеби, ага негиз жок!”

АЙДАРАЛИЕВ: “Улуу тоонун шумкарларын сот бүгүн чыгарышы керек, себеби, ага негиз жок!”

Финляндиядагы мекендешибиз Асыран Айдаралиев “Ата Мекен” партиясынын күйөрманы, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун тарапташы. Өзгөчө Өмүрбек Чиркешовичти кумир тутат, үйүнө сүрөтүн илип алып, анын фонунда дал ошондой болуп түшкөн сүрөтү бар. Кепти биз ошондон баштадык.

-Асыран мырза, үйүңүздө Өмүрбек Текебаевдин сүрөтүнөн башка эмне бар?

— Үйдүн бурчунда кыргыз желеги, герби, анан Текебаевдин сүрөтү менен «Ата Мекендин» желеги илинип турат. Ар дайым сыймыктануу менен ошолордун фонунда отуруп алып ойлоном, кыйалданам жана иш кылам. Анткени, Ата-Мекеним, Эл-журтум ар дайым жүрөгүмдө, ал баарынан жогору жана бийик турат!

— Бүгүн кайдасыз: мурдагыдай акция өткөрүп көчөдөсүзбү же үйдөбү?

— Бүгүн үйдөмүн. Мурункудай акция өткөрөйүн деп ойлогом, бирок, кайра өзүмдү өзүм токтотуп, тыйып койдум. Өмүке чыксын, акталсын, анан анын акталышына арнап жалгыз болсом да өзүмчө акция кылайын деп чечтим. Ошол. Азыр үйдөмүн, силер жакты, өлкөмдөгү өтө орчундуу окуйаны, соттун жүрүшүн, акыйкат чечим кабыл алышын күтүп, мекеним тарапты көзүмдү ирмебей тиктеп отурган кербезим…

— Сиз жашаган жактагы кыргыз туугандардын сиздей болуп саясат менен иши барбы?

— Бул жактагы кыргыздардын дээрлик көбү сайасат менен иштери деле жок, өздөрү менен өздөрү. Аларга айтып, түшүндүрүп, аракет кылып чогултуу керек, болбосо өлкөдөгү болуп жаткан окуйаларга бири да кызыкпайт.

— Бүгүн Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды карайт. Сот аны калыс карап, боштондукка чыгарат деп ойлойсузбу?

— Ооба, бүгүн сот акыйкаттык кылат деп ойлойм. Сөзсүз актап чыгарышы керек, себеби, аларды кармаганга кымындай да негиз жок. Алар эбак эле акталышкан, болгону соттун гана мыйзамдуу негиздеги бир ооз чечими керек!

Созулган сот бүгүн жакшы жыйынтыгын берээр…

Бүгүнкү сот 16-июлда эле болмок, анда судья “иштин көлөмү чоң экен, таанышуу керек”,- деп соттун мөөнөтүн бүгүнкүгө жылдырган. Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин көп жолу өтүнүп, бирок ал өтүнүч четте кагылып, мурдагы соттун өкүмүм өзгөртүүсүз калтырып эле келатышат. 2018-жылы да юристтер жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Эскерте кетсек, эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран, шылуун, бүгүнкү күндө түрмөдөгү Леонид Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен, андан «1 миллион доллар пара алган» деген айып коюлуп, ошонун негизинде “Коррупция” беренеси менен ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Учурда Өмүрбек Чиркешович Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Соо адамды ооруткан сот бүгүн жакшы жыйынтыгын берээр… Үмүт чоң!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.