Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши кайрадан кароого кетти!

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши кайрадан кароого кетти!

Бүгүн, 21-августта абактагы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар тууралуу Жогорку Сотто карады. Бүгүнкү сотко ЖК депутаттары Н.Никитенко, А.Шыкмаматов, Б.Сулайманов, К.Иманалиев, Э.Токтошев, С.Нышанов жана көрүнүктүү коомдук ишмерлер Асия Сасыкбаева, Данияр Нарымбаев, Жолборс Жоробеков, Эмилбек Каптагаев катышты.

Адвокаттар далилдүү айтып берип, мээнеттери акталды…

Бүгүнкү сотто эки саясатчынын ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды адвокаттары Т.Токтакунова, Ч.Жакыпбекова, К.Хасанов факты менен далилдүү айтып беришти. Андан кийин кеңешүү залына кирип кетип, андан чыгып, ишти кайрадан кароого Биринчи Май сотуна жиберүү өкүмүн окуп, залдагы жана сырттагы элди кубантты… Акталганы ушул. Бул биринчи кадам. Адвокат Т.Токтакунова «соттолду» деген өкүм жокко чыгарылганын айтты.

Эскерте кетсек, Атамбаев бийлигинде Ө.Текебаев менен Д.Чотонов орусиялык жаран, шылуун Маевскийдин (бүгүнкү күндө абакта) жалган көрсөтмөсү менен “пара алды” деген негизде соттолгон. Тагырагы, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону четке кагып, “бийликтин саясий куугунтугу” дешкен. А чынында ошондой болчу, Атамбаевдин буйругу менен эле темир тор артында калышкан. Бул бүгүнкү күндө эч кимге жашыруун эмес, азыр чындыкты ар бир кыргыз билет. Акыры чындык жеңет!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.