Нуржигит Кадырбеков президенттин кайын инисиби? Ажынын жообу…

Нуржигит Кадырбеков президенттин кайын инисиби? Ажынын жообу…

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтагы туугандарынын тизмесин “Кактус медиа” жарыялады. Анын ичинде Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да бар.

Нуржигит Кадырбековичке байланышып, президенттин жубайы Айгүл Токоева менен тууганчылык жайын сурадык.

— Нуржигит мырза, сиз Айгүл Токоеванын аталаш иниси турбайсызбы. Ошондо аталарыңыздар ага-иниби?

— Ушундай маалымат ушунчалык жайылып кетти. «Айтсаң актанып жатат» дейби, билбейм?! Бул маалыматтын туурасын айтсам, Айгүл эже экөөбүздүн аталарыбыз эмес, чоң аталарыбыздын чоң аталары дагы бир тууган эмес. Бирок, бир айылдан болобуз. Ошондон улам, “аталаш иниси” деп жайылып кеткен окшойт.

P.S. Нуржигит Кадырбеков Кара-Кулжа районундагы 1-май айылында 1977-жылы 31-мартта төрөлгөн. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп ушул жылдын 12-мартында келген. Ага чейин «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугун жетектеген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.