КАРАМУШКИНА: “Балдарды сактап калууга коридор түзүп бергем” (ВИДЕО)

КАРАМУШКИНА: “Балдарды сактап калууга коридор түзүп бергем” (ВИДЕО)

Бүгүн, 22-августта ЖК депутаты Ирина Карамушкинаны Биринчи май райондук соту чакырып, анын бөгөт чарасын карап, 8-октябрга чейин үй камагына чыгарды. Ага чейин Башкы прокуратура “Барымтага алуу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Сотко кирээрдин алдында депутат журналисттерге Кой-Таштагы окуя боюнча болгонун айтып берди. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясын УКМК 7-августта жүргүзүп, ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адамдар жаракат алып, бир офицер каза болгон. 8-августта кайрадан кармоо операциясын ИИМ жүргүзүп, Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев колго түшүп берген.

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Андан тышкары, Атамбаевдин бир топ тарапкерлери күбө катары ИИМге сурак берүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.