Кой-Таш, Арашандыктар президентке капа болуп, ачык кат жөнөтүштү…

Кой-Таш, Арашандыктар президентке капа болуп, ачык кат жөнөтүштү…

Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары (эки жүзгө жакын киши) кол коюп, президент Сооронбай Жээнбековго кат жөнөтүштү. Бул тууралуу “24 kg” жазып чыкты.

Ал катта: «Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка шайланып жатканда: “элдин башын бириктирем, элди бөлбөйм!”,- деп убада берген эле. Биз ага ишенгенбиз. Буга ишенүүгө бизди урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаев да чакырган эле. Андан бери эч канча деле убакыт өткөн жок, жаңы президент болсо убада кылгандай эмес, таптакыр башкача иштей баштады.

Алмазбек Шаршенович болгону анын саясатын сынга алды, ошонусу үчүн Жээнбековдун буйругу менен ага жана анын жакын жолдошторуна кылмыш иштерин козгошту. Атамбаевдин өзүн болсо Башкы прокуратура жана Жогорку Кеңеш күнөөлөдү, депутаттар жадагалса, коюлган күнөөлөргө жооп берүү үчүн аны чакырып да коюшкан жок. Мындай чечим мыйзамды да, адилеттүүлүктү да одоно бузду.

Биз Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулду кайтарып, аны мыйзамсыз камакка алуудан коргоп калдык. Өкүнүчтүүсү, атайын бөлүктүн бир жоокери каза болуп калды. Бул орду толгус кайгы. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз. Бирок бийлик эртеси эле: аны Атамбаев өзү атып өлтүрдү”,- деп, бүтүн дүйнөгө жарыя кылып жиберди. Бул курмандык экс-президенттин үйүнө чабуул уюштургандардын күнөөсү.

Биздин айылдаштар Атамбаевди жүрөгүбүздүн каалоосу менен колдоп жатабыз. Биз анын үйүнө келип, өзүбүздүн колдообузду көрсөтүп, мыйзамсыздыкка кыжырданганыбызды билдирип турдук. 7-август күнү анын короосунда жүргөн биздин балдарыбызга беткапчан атайын бөлүк күтүлбөгөн жерден кол салды. Бейтааныш адамдар Атамбаевдин үйүнө тосмо аркылуу секирип түшүп, короодо жүргөн адамдарды сабап жана резина ок менен ата башташты. Кары-картаңдарды да, аялдарды да сабашты. Мыйзамда жарандар өзүн өзү, анын ичинде атайын бөлүктүн мыйзамсыз аракетинен да коргоого укугу бар деп айтылган. Биз мына ушул укугубузду колдондук.

Бүгүн биздин балдарды куугунтуктап жатышат, аларды коркутуп —үркүтүп, кылмыш иштерин козгошууда. Бирок бул каргашалуу окуяга жок эле дегенде эки тарап тең күнөөлүү! Күч операциясына атайын бөлүк менен милицияны жөнөткөндөрдүн жоопкерчилиги туурасындагы маселе күн тартибине да коюлган жок!

Биз бийликке кайрылабыз: өлкөнү бөлгөнүңөрдү токтоткула, кыргызстандыктарды бөлгөнүңөрдү токтоткула! Мыйзамсыздыкка кыжырданып, атайын кызматтардын укук коргоого туура келбеген иш-аракеттерин токтотууга аракет кылгандарды куугунтуктоону жана коркутуп —үркүткөндү токтоткула!

Күч акциясына кылмыштуу буйрук бергендерди кызматтан бошоткула! Антпесе биздин коомдогу ажырым абдан тереңдеп кетиши мүмкүн«, -деп жазылган.

Эскерте кетсек, 7-августта Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн УКМК аны кармоо операциясын жүрүп, ал ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, бир офицер каза болуп калган. 8-августта ИИМдин атайын операциясын жүргүзүп, Курсан Асанов сүйлөшкөндөн кийин колго түшүп берип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 9-августта, анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 26-августка чейин камакта калуу чечими чыккан. Атамбаевге «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» айыбы тагылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.