Карашевдин балдызы, Баекованын жээни Жолдубаева Атамбаев менен кантип таанышкан?

Карашевдин балдызы, Баекованын жээни Жолдубаева Атамбаев менен кантип таанышкан?

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага “Коррупция» беренеси боюнча 20-августта иш козголуп, кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылганы бүгүн (22-августта) маалым болду. Мындай маалыматты ИИМ таратты.

Жолдубаеваны Атамбаев кызматка көтөргөн

Жолдубаеванын Батукаевге байланыштуу иши барып эле баягы Атамбаевге такалат. Экс-президент менен кандайча таанышып калган? Ал аны менен премьер-министр болуп турганда таанышкан. Тагырагы, 2010-жылы, бийлик алмашкандан кийин, ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн үч жыл жетектеген. 2015-жылы 29-январда Башкы прокурор болгон.

Нарымбаев жетелеп келип, тааныштырып, мактаган…

Жолдубаеванын Башкы прокурор болгондогусу кызык болгон. Анын талапкерлигин парламентке андагы президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган. ЖКнын комитеттеринде, фракцияларында каралып, талапкерлиги бир добуштан жактырылган. Парламентке аны андагы президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев жетелеп келип, тааныштырган. Анан: «Президент тарабынан бул талапкер тыкыр карылды. Жолдубаева маселени ийне-жибине чейин ойлонуп, чечим чагарарда шашпайт. Туура эмес ишти эч ким мажбурлап кылдыра албайт, көзү жетмейин, көгөрүп тура берет”,- деп мактаган. 

“Бул кызматка келгенге чейин бир күн да прокуратурада иштебесе, кантип башпрокурор боло алат. Жаш дагы экен”,-деп суроону кабыргасынан койгон Өмүрбек Текебаев. Ага Нарымбаев: “Жашы да, стажы да туура келет”,-деп жооп берген.

Таасирлүү туугандары…

Талапкерди тааныштыргандан кийин депутаттар суроо берген. Таасирдүү кызматтардагы туугандарын сурашканда, Нарынбаев:«Чолпон Баекова бир тууган таежеси, Аалы Карашев (учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, анда Мамлекеттик кадр кызматынын директору болчу – авт.) жездеси болот. Бирок, Индира Ырысбаевна өзү адистик сапаттары менен көтөрүлдү”,-деген. Бирок, “Жолдубаеванын бул кызматка келишине жездесинин чоң таасири болгон” деген сөздөр болгон.

Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ: “Кыргызчаны жакшы эле билет”

Жолдубаеванын өзүнө суроо бериле баштаганда, ал орусча жооп берген. Анда-санда кыргызча сөздөрү кошуп сүйлөгөн, акценти абдан билинген. “Кыргыз тилин жакшы билбейт турбайсыңбы?”,-деген суроого ал: «Практикам азыраак, муну билем, кемчиликти жоём. Тил боюнча эч кыйынчылыктар болбойт»,-дегенде эле, аны андагы спикер Асылбек Жээнбеков коргоп кирген. «Кыргызчаны жакшы эле билет, апрель айында сиздердин алдыңыздарда кыргызча отчету менен келет», – деген эле…

Индира ЖОЛДУБАЕВА: “Эч кимдин буюртмасын аткарбайм”

“Буюртма менен кылмыш иштерин козгойсузбу?”,-деген суроого, ал: «Мен үчүн эң башкысы – мыйзам. Бардыгынын башында мыйзам турушу керек, ал эми бирөөлөрдүн «буюртмасын аткарбайм»,-деген.

Кызматка келгенде да 105, кеткенде да 105 добуш алган

Кыскасы, аны Башпрокурорлукка шайлоо жашыруун электрондук түрдө өтүп, 105 депутат макул, экөө каршы болгон. Депутаттардын эки жүздүүлүгүн мына ушундан көрсөңүз болот. “Сулуу экенсиз. Ак Мөөргө окшош экенсиз”,-деп комплимент айтып, эне тилин билбегенин деле эске албай, таасирлүү кызматка 105 добуш менен өткөрүшкөн. Сооронбай Жээнбеков президент болгондо кызматтан кетти. Анда парламентке Жолдубаева өзү келген эмес. 105 депутат кетирүүгө макул болуп, экөө каршы болгон. Каршы болгон эки депутат: Асел Кодуранова менен жездеси Аалы Карашев. Сандардын окшоштугун карасаңыз: 105:105.

Туулган күнүндөгү “белек”

Үч жыл башкы прокурор болгон Жолдубаева туулган күнүндө, 11-апрелде кызматынан кол жууган. Ал дал ошол күнү 39 жашка чыккан. Ал 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. КУУну бүтүргөн. Эмгек жолун «Сорос-Кыргызстан» фондунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. Андан кийин, «Манас» эл аралык аба майданында, «Компаньон» компаниясында юрист, ДЭКА жабык акционердик коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.

“Буюртма аткарбайм” деген кайран сөз!

Мына окурман, кызматка кандай келип, кандай кеткен? “Бирөөнүн буюртмасын аткарбайм”,-деп келген Жолдубаева далай эле Атамбаевдин буйругун аткарып келгенин баарыбыз эле билебиз. Анын жоругу жолдо эле калсын. Эми минтип Батукаевге байланыштуу иштен да аты чыгып калганы кызык болду. Ал боюнча азыр ачык айтыла элек. Миң жашырышса дагы, ал акыры чындык чыгат. Күзүндө депутаттар келип, далай талкуу болуп, бирөөсү айтып чыгат. Күздү күтө туралы!

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.