(Үч) ВИДЕО: Кайым айтыштын аягы кандай бүттү?

(Үч) ВИДЕО: Кайым айтыштын аягы кандай бүттү?

Үч ВИДЕО эки инсандын кайым айтышына келип чыкты. Ал бүгүн экөөнүн жолугушуусунан кийин жыйынтыкталды.

Түшүнүктүү болуш үчүн биринчи видеодон баштайлы. Арстан Алай ар бир жуманын шейшембисинде Некс ТВдан түз эфирге чыгып, Кудайдан берген касиетин айтып, көрүүчүлөрдүн суроосуна жооп берип турат. Ушул жуманын үчүнчү күнүндө (21-августта) ажы Турсунбай Бакир уулунун жазганын окуп, ага жооп берген. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эртеси, 22-августтагы Турсунбай Бакир уулунун жообу.

“Ажынын мындай чакырыгын кандай кабыл алдыңыз, Тарых музейине барасызбы?” деп эртең менен кайрылып, сурасак, “барам”,-деди. Түштөн кийин, 23-августта, Тарых музейинин алдына экөө тең келди. Саат 14:20да жолугушту… Андагы баарлашуу төмөндөгү ВИДЕОдо…

Турсунбай БАКИР уулу: «Багы бар экен, музей жабык болуп калды…”

Бул жолугушуудан соң, ажы менен ат жалында маек курдук.

-Турсунбай мырза, эмнеге башка жерге эмес, Тарых музейинин алдына, кандай максат менен чакырдыңыз?

-Мен буга чейин теңирчилерди башка жерге көп эле чакыргам, коркуп келишкен эмес. Анан бул жерге биринчи жолу чакырдым, эл көрө турган жерге коркпосун деп. Мына, көрдүңүздөр, жалгыз Арстан Алай келди. Мен ага караганда он мүнөт кечигип келдим. Жума намаздан кийин келдим. Жолуктук. Сүйлөштүк. Мени “тарых музейине тапшырам дедиң, келдим”,-деди. Бактысы бар экен, музейдин эшиги жабык болуп калды. Бүгүн жума күнү, санитардык күн экен. “Мени кантип тапшырасың?”,-дейт. “Мумия теңирчилик” деп алдыңа жазып коем, сени көргөнү келгендер 20-30 сомдон таштаса да, мамлекетке пайда түшөт”,- дедим. Аны менен сүйлөшө турган көп сөзүм бар эле.

-Эмнени сүйлөшөйүн дедиңиз эле?

-Мен анын калпын чыгарайын дегем.

-Кайсы калпын?

Жанагы Кудаймын деген сөзүн. “Сен эч кандай Кудай эмессиң, шылуунсуң” деп атайын дегем. Сага айтайын деген сөздөрүм көп десем эле качып кетти. Же ага ала келген жоолукту (сумкасын ачып, ак жоолукту көрсөттү) көрүп калдыбы. Жоолук ала келгем, башына салайын деп…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.