Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Текебаев Атамбаевдин былыктарын ийне-жибине чейин билет”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Текебаев Атамбаевдин былыктарын ийне-жибине чейин билет”

Учурда көптөгөн саясий окуялар болууда. Ошентсе да, азыр Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов коомчулуктун көңүл борборунда турууда, бийликтин назарын бурууда. Ушул эки инсан жөнүндө, келечеги туңгуюкка такалган КСДП тууралуу профессор Каныбек Осмоналиевич менен маек курдук.

-Каныбек мырза, аттары уйкаш эки адамды жакшы билесиз. Бирин президенттик шайлоодо колдосоңуз, биринин сотуна барып жүрдүңүз. Эң булганыч соту кайсы экенин байкай алдыңыз?

-Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кесилип кеткен — Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кээ бир сот отурумдарына катышып жүрдүм. Айрыкча, 1-Май сотунун чечими кыргыз тарыхында эң булганыч сот тыянагы катары калып калды. Өтө адилетсиздик орун алды. Эми бул иш баардыгына эле белгилүү. Өкүнүчтүү нерсе, ал абийирсиз чечимди ошол эле бийликтин айдагы менен Бишкек шаардык жана Жогорку соттор 4 ай ичинде эле чагылгандай тездик менен бекемдеп салышты. Ал кез ошондой болчу. Атамбаев көзүн май басып калган, өзү каалагандай чалчаңдаган «хан», ал эми Текебаев мырза анын келишкис оппоненти. Кудай буйруп, Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери өлкөдөгү саясый кырдаалды бир аз болсо дагы өзгөртө алды. Натыйжада, соттордун кээ бирлеринин уят-намысы ойгонду. Баары эле наадан болуп, жогорку жактагы буйрукту аткарып калган макулуктар эмес экен, да. Мунусуна дагы шүгүр дейли. Ошол кубулуштун далили катары, 21-августагы Жогорку соттун отуруму мисал болду. Текебаев менен Чотоновдун адилетсиз сот чечимдеринин баары жокко чыгарылды жана кайрадан биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлдү. Бул чоң сүйүнүч. Биринчи кезекте элдин кубанычы. Анткени, жөнөкөй элдин шорун шорподой кайнаткан сот системасынын бир аз болсо дагы жакшылыкка карай өзгөргөнүнүн белгиси дейли. Бирок, тилекке каршы, мындай оң позитив өтө эле сейрек, азырынча. Мисалы, Садыр Жапаровдун тагдыры кандай болуп жатат? Ал инсанга ушундай эле жагдайда эмне үчүн соттун жогорудагыдай чечими насип болбой келет? Суроо көп. Ошондуктан, депутат Момбековдой аналитиктер түкшүмөл ойлорду айтышууда. Кыргызстанда бүгүн дагы эле жогору жактан башкарылган сот чечимдери орун алып келүүдө деген тыянактары, менимче, жүйөөлүү. Бирок, канткен күндө дагы бул сектордо оң кубулуш орун алды десек болот. Мен, мисалы, Кой-Таш трагедиясынын негизинде Атамбаевдин камалышы эле Текебаев менен Чотоновдун акталышына чечүүчү таасирин берди деп ойлоймун. Текебаев Атамбаевдин кылмыш иштериндеги көптөгөн былыктарын ийне-жибине чейин билет. Убагында тайманбай, ачык эле айтып жүргөн. Бирок, анын кылмыштарын так жана айкын далилдеп мойнуна коюп берүү дарамети азыркы тергөөчүлөрдүн көбүндө жетишээрлик экенине күмөнүм бар. Азыр бул системада Атамбаевдин эле, «бөрк ал десе, баш алган манкурт желдеттери» басымдуулук кылып иштеп жүрүшөт. Туурасын айтсак, алар Атамбаевдин «бешинчи колонналары». Ошондуктан, Текебаевдин акылы, билими жана чечкиндүүлүгү азыркы бийликке өтө керек. Демек, анын 1-Май сотунан кайрадан акталып чыгуусу өтө маанилүү. Эл дагы ошону көксөп турат. Кудайдын алдында дагы мындай чечим туура болоор эле. Анткени, Өмүрбек менен Дүйшөндөн кыпындай жагы күнөөлөрү жок!

— Өмүрбек Бабанов бүгүн да УКМКга сурак берип чыкты. Ага козголгон кылмыш иштеринде күнөөсү жоктугуна ишенесизби?

— Иш мыйзам чегинде каралса, анын эч кандай күнөөсү жок экендигине мен ишенем. Акыл калчаган көпчүлүк деле ошондой ойлонуп турат. Өмүрбек Бабанов азыр Финпол менен УКМКга алмак-салмак сурак бере баштады. Бир дагы саясый резонанс туудурган билдирүү берген жок. Менимче, бербейт дагы. Ал акылдуу жигит. Эл кандай курч абалды башынан кечирип жатканын сезип турат. Ошондуктан, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий таанып, убагында өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол эле кадамы менен кыргыз элин чоң апааттан сактап калды. Ал кездеги «ай чапчып турган» Атамбаевден ар кандай кадамдарды күтсө болот эле. Анын бийлигинде куугунтукталган Бабановдун өз мекенине келгени — бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Эмне үчүн келбеши керек эле? Кыргызстан — Бабановдун өз мекени, туулуп-өскөн жери. Ал бүгүнкү Кыргызстандын алдыңкы саптардагы чыгаан жигиттеринин катарында турат. Ошондуктан аны колдогон калк аз жерден көтөрүлүп кете жаздады. Кудай сактады! Жалган кылмыш иши козголсо дагы Бабанов ага кайыл болуп, шайлоо жыйынтыгына макулдук берип өлкөдөн чыгып кетти. Согуш менен кайгыны көксөгөн кээ бир саясатчы болумуштар ага «качкын, коркок» деген жалааларды тага коюшуп, шыпшынып кала беришти. Айрымдары эмдигиче ошол сөздү айта коюп, чагымчылык кылып жүрүшөт. Андай адамдар үчүн эл жарандык согушка барып, кырылып калышы деле бир тыйынчалык көрүнбөйт. Бактыга жараша, президент Сооронбай Жээнбеков «досунун» кыянат ойлорун ойрон кылып элдин кызыкчылыгын коргоп кетти. Мен ага ыраазымын. Андан кийинки тарыхты билесиңер. Бүгүнкү күндө бийликтин бир конфигурациясы, менимче, абдан эффективдүү болушу мүмкүн. Бул президент Сооронбай Жээнбеков — саясый лидер, өлкө башчысы, ал эми Өмүрбек Бабанов — премьер-министр, креативдүү менеджер. Экөөнүн шайлоо электораттары жалпы элдин 88%ын түзөт. Бул бүгүнкү күндүн кашкайган чындыгы!

— Депутат Рыскелди Момбеков: “Эки Өмүрбектин бийликке кереги жок!”,-деди го…

— Эми Рыскелди иним сөздү уйкалыштырып сүйлөгөн инсан турбайбы. Бул — табият берген зор талант. Мен мисалы, аны абдан сыйлайм. Жарандык позициясын тайманбай айткан курч депутат. Эки Өмүрбек саясаттын алдыңкы фронтуна өз жолдору менен келишкен жана эч кимден көз карандысыз болгон коомдук ишмерлер. Алар кыргыз элинин чыгаан уулдары. Мындай инсандарды башка эл бизге тартуулап бербейт. Экөө тең кыргыз элинин гана энчиси. Текебаевдин түрмөдөн чыгышы менен Бабановдун өз мекенине кайтып келишин эл-журт кубануу менен эле кабыл алууда. Кээ бир жашоого ызасы бар, ичи тар, көралбас адамдардын эле арам пикирлери болуп жатат. Бул дагы болсо президент Жээнбековдун ишинин оң жагы, дейли.

-Президенттик шайлоодо Жээнбековду эмес, Бабановду тандадыңыз, аны колдодуңуз. Эмнеге андай кадамга бардыңыз эле?

-Мен 2017-жылдагы президенттик шайлоодо, биринчи кезекте ошол кездеги чектен чыгып кеткен Атамбаевдин кылмыштуу режимине каршы протест катары өз позициямда тургамын. Элдин башын айланткан, анткор саясаты кандай гана аянычтуу финалга алып барып коёрун сезгенбиз. Эми өткөн ишке көп эле «көзү ачыктык кыла» бербейин. Бирок, мен дайыма илимий логика менен жашаган кишимин. Ар кандай кадамдын алгоритмин түзө билип, анан арыш таштаганга аракет кылам. 2017-жылкы кырдаал кандай эле унутпайлы. Потенциалдуу кандидаттардын бири Өмүрбек Текебаев камалган, чыгаан саясатчы Адахан Мадумаровду каралоо компаниясы апогейине жетип, адам чыдагыс кырдаалды түзүшүп, артынан түшүп алышкан. Башка күчтүү атаандаштардын дагы «эсебин» ошол кездеги атаман «эргул» өзү билемдик менен таап койгон». Андан сырткары, Атамбаев Конституцияны өзүнүн ыңгайына карата кабыл алдырып алып, жасалма бийлик транзитин ойлоп таап алган болчу. Андай арам оюн жашырбай эле, элге бийликтин күчүн таңуулап кирбеди беле? Эмне унутуп калдыкпы? Ошондуктан, бир эле мен эмес, кээ бир саясатчылар дагы жаш, билимдүү жана креативдүү Өмүрбек Бабановду колдоону чечкенбиз. Менин оюмча, Атамбаевдин ошол кездеги эбегейсиз чоң ылдамдык менен күүлөнүп алган кылмыштуу машинасын токтотууга Бабановдун гана кудурети жетет болчу. Анын үстүнө ошол кездеги башкы кандидатура КСДПнын талапкери, Сооронбай Жээнбековдун «мурдагы көчтү улантуу» девизи жаккан эмес. Мен ошондуктан, Бабановдун штабында ачык, чын дилимден жана кесипкөй аракеттик менен эле иштедим. Белгилей турган нерсе, кээ бир арамза саясатчыларга окшоп экиленген жокмун. Алардын негизги ойлору атактуу чыгарма каарманы Абил бийдин эле учкул сөзү болчу да:»Өлсө өкүрүк, өлбөсө бакырык!» — деген. Андайларды ар кандай коомдун эң коркунучтуу адамдары деп кабыл алуубуз керек.

— “2020-жылкы парламенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн Шайлдабекованы кызматтан кетирүү керек!”-дегендер бар. А сизчи, Боршайкомдун жетекчиси жөнүндө кандай ойдосуз?

-Боршайкомдун буга чейинки шайлоодо кылган ишине келечекте туура баа берилет. Ал күндөр деле алыс эмес. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо Кыргызстандын тагдыры бир жаңсыл болуп чечилет. Өлкө азыр тоталитаризм менен элдик демократиянын ача жолунда турат. Кимиси жеңет? Кеп ошондо! Ошондуктан ал маанилүү иш-чарага абдан олуттуу даярдык менен баруубуз керек. Азыркы Борбордук шайлоо комиссиясы андай ишке жараксыз экендигин баары эле билишет. Аларга болгон дооматтар өтө эле күчтүү. Бул жагдайды президент өзү дагы түшүнүп тургандыр. Эл ал кишиге азырынча ишенип, карт-бланш берип турат. Жогорку Кеңешке ишеним жок. Алар азыр өздөрүнүн эле керт башына өбөлгө боло ала турган шайлоону гана ойлоп жүрүшөт. Көпчүлүгү түрдүү жолдор менен байышкан эргулдар. Өткөндөгү «Шайлоо Кодексине» эле кылгын мамилелеринен билинбедиби. Өздөрүнүн партиялары гана өтө ала турган нормаларды жан алакетке түшүп кийирип алышты. Демек, болочоктогу катуу жарандык тирешүүлөргө жол ачып коюшту. Керек болсо президентти дагы ошол шойкомдуу жолго түртүп жатышат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы! Абалды президент өзү тез арада оңдойт деп үмүт кылам!

— “Ар-намыс” партиясы парламенттик шайлоого катышабы? Эгер катышпай калса, анда сиз башка партияга өтөсүзбү?

— «Ар-намыс» партиясы Кыргызстандагы эң алгачкы саясый партиялардын бири. Мен деги эле бир жээктен экинчи жээкке алдас уруп чуркаган киши эмесмин. Партиябыз, албетте, шайлоого катышат. Ал үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Адам ресурсу менен каражат деле жетишээрлик. Партиянын лидери Феликс Кулов активдүү жана калыс позицияларын ар дайым билдирип келүүдө. Аны баарыңар эле окуп, көрүп жана байкап келе жатасыңар.

Ооба, ар бир нерсеге көз карашын ачык айтып, активдүү катышууда. Мына, бүгүн эле: “ар-намысына шек келтирди” деп журналисттер менен соттошо турганын айтты. Сөз Бермет Акаева жөнүндө болууда… Ал атасын Кулов аркылуу Кыргызстанга алып келет экен”,-деген кептер кетпедиби. Ушундай ушакка Башкы прокуратура да ишенип алдыбы, айтор, бүгүн Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат таратты. Аскар Акаевич Кыргызстанга коркунуч жарата турган кишиби?

— Жок, Аскар Акаевич жумшак киши экени жүзүнөн билинип эле турбайбы. Ал биздин тунгуч президентибиз. Эл үчүн ушул наамы менен гана белгиленет. Тилекке каршы, көптөгөн жаңылыштыктар кетирилди. Айрыкча, завод-фабрикалар, колхоз-совхоздордун таланышы, кен-байлыктардын сатылышы, ж.б. трагедиялуу чечимдер. 1 млнго жакын уул-кыздарыбыз талаалап кетишти. Канча өмүрлөр кыйылды! 2005-жылы Акаев өлкөдөн качып кеткенде, мен “анын баасын эл көп жылдан кийин гана айтат”,- дедим эле. Эгер эл кечире алса, Кыргызстанга келе алат дегенбиз. Себеби, убакыт деген ыйык жана адилет фиолософиялык категория. Ал гана чыныгы баасын берет. Бирок, бүгүн деле элдин көпчүлүгүнүн пикири терс болуп тургандыгы байкалат. Демек, зарыл болгон убакыт келе элек! Бермет, ошондуктан эч кандай ажиотажы жок эле келип-кетип оокатын кылганы оң! Эми Бишкекке келсе келгендир, кызыккан жокмун. Бирок, анын келишин Феликс Куловго байлап, саясатка айлантуунун кереги жок. Негизи ар түрдүү ушактарды көралбас, ичи арам анткорлор айтып, таратат. Ага көп көңүл бурбаш керек! Азыр өлкөнүн алдыга жылуусу зарыл. Ал үчүн биринчи кезекте экономика турушу абзел. Биз, кыргызстандыктар, ашыкча эле саясатка берилип алдык. Бул өтө опурталдуу жол. Душмандарыбызга таба болуп жатабыз. Бабановдун башкы тилеги өлкөнүн экономикасын көтөрүү экендигин эл даана түшүнүп калды. Ошондуктан, жапырт колдоп алды!

Бул жерде бир айтаар сөзүм бар. Биз чыныгы партиялык курулушту камсыз кыла албай келебиз. Дооматым Кыргызстандын баардык партияларына таандык. Саясый күчтөрдү ирилештирүү жолу гана бул саясый феноменге эффект жана динамика бере алат. Мезгил ошону талап кылып турат. Жагдайды прогрессивдүү ойлонгон партия лидерлери түшүнүштөрү керек. Антпесе, кийинки учурларда кайрадан мажоритар системасын каалагандар көбөйүүдө. Алардын авторлору деле белгилүү. Баягы эле көпөстөр. Алардын көбү пропорционалдык система менен депутат болуп келишти. Элге бир тыйын пайда кылбай жек көрүнүп бүтүшкөн. Эми » жаңылык» деген болушуп, дагы бир жолу парламентке өтүп алуу амалы. Ошондуктан, социалдык тармактардан фейктер аркылуу тиги жолду даңаза кылууга өтүп алышты. Демек, кааласак- каалабасак дагы партиялардын альянсы пайда болот, сөзсүз. Ошондо гана 9% тосмону өтө алышат. Чыныгы эл деген депутатты тандоо үчүн партиялык-пропорциялык-преференциалдык система гана азыр реалдуу жол! Кимдин-ким экендиги ошондо билинет. Эгер ушундай шарт болсо, албетте, мен дагы шайлоого катышам! Эл өзү тандап алсын!

— Тандоону айтып калдыңыз. Тагдыры татаал болуп калган КСДПны көрүнүктүү саясатчылар тандайт деп ойлойсузбу?

— КСДП акыркы 10 жылда бийликти каалагандай калчап, майкандап келди. Жыйынтыгын көрдүк. Лидери эл душманы же коррупционер деген айып менен камакта олтурат. Тергөө амалдары жүрө баштады. Айтууга дагы дитим барбайт. Алардын прогрессивдүү ойлонгондору партиянын катарынан чыгып кетишкен. Араларында көрүнүктүү депутаттары дагы бар. Ушундай жагдайда, кантип КСДП шайлоого барып локомотив болом деп айта алат? Абсурд! Менимче,2020-жылы электорат өзү тыянак чыгарат, го! КСДПнын опурталдуу жана кыянаттык иштери Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды.

-Лидери абакта калгандан кийин, бул партиянын жаштары депутаттар Карамушкина менен Кодурановага үмүт артып турган. Карамушкина үй камагында калды, Кодуранова суракта жүрөт. Ушул эки депутат боюнча кандай ойдосуз?

-Ирина Карамушкина менен 5-чакырылышта бирге депутат болгонбуз. Ызы-чуу менен эле жүрчү. Анын мындай кылыктары ошол кездеги КСДПнын төбөлдөрүнө жакчу. Анткени, ал дайыма алар тарабынан ачык эле колдоо таап жүрчү. Башка сөз айта албайм. Азыркы жүрүм-турумун баары көрүп отурат. Ал эми Асел Кодуранова КСДПнын күжүрмөн мүчөсү. Анын саясый карьерасы ошол партия менен тыгыз байланышкан.

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.