Канат ХАСАНОВ: «ИИМ менен ШИИБ туура эмес маалымат берүүдө» (ВИДЕО)

Канат ХАСАНОВ: «ИИМ менен ШИИБ туура эмес маалымат берүүдө» (ВИДЕО)

Бүгүн, 25-августта ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбектин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 28-октябрга чейин камакта калтырылды.

Буга чейин ал Жазык кодексиндеги 43-берене (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткан. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 23-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип, кармалган.

Адвокат аны эч жерден таппай койгон…

24-августта, адвокат Канат Хасанов («Фейсбуктагы» баракчасына) жактап жаткан адамын эч жерден таппай жатканын билдирген. Анын айтымында, Дамирбек Пайзылда уулунун туугандары ага кайрылган. Анан ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан да, ИИМдин Тергөө кызматынан да аны таппай койгон. «Фейсбук» аркылуу ИИМ министр К.Жунушалиевге кайрылган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот!

ШИИБнин билдирүүсүндө…

Бишкек ШИИБ билдирүү таратты. Билдирүүдө: «Саат 18.00дөр чамасында шектүү ИИМдин Тергөө кызматына алып барылган. Сурак бергенден кийин саат 21.30дар чамасында ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Саат 21.45те жактоочунун биринчи талабы менен Дамирбек Пайзылда уулу экөө жолугушкан. Укук коргоо органдары адвокаттын ишине тоскоолдук жаратууда деген билдирүү чындыкка дал келбейт«, — деп жазылган.

Ал эми адвокаттын айтымында…

ИИМ менен ШИИБнин билдирүүлөрүн адвокат Хасанов четке кагып, аларга социалдык тармак аркылуу жооп кайтарды.  «ИИМ, ШИИБнин басма сөз кызматы, силер маалыматты туура эмес берип жатасыңар. Менин жактоомдогу адамды катып, адвокаты жок сурак жүргүзгөнсүңөр. Адвокаты жок сурак жүргүзүү мыйзам бузууга жатат. Жолугушууну беш саат талап кылдым. Анан айла жок социалдык тармак аркылуу кайрылууга туура келди.  Көрсө, силер бийликке»медвежью» кызматын кылат экенсиңер,  ачык эле президентке каршы саботаж кылып жатышыңар мүмкүн»,-деп жазган адвокат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.