ВИДЕО:  Ак калпакчан кыргызымдын жигиттери — чемпион!

ВИДЕО:  Ак калпакчан кыргызымдын жигиттери — чемпион!

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионаты 19-августта башталып, 24-августта жыйынтыкталды. Ага жети өлкөнүн (Кыргызстан, Непал, Мальдив аралдары, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш, Афганистан) командалары катышты. Волейболдук мелдеш Непалдын Катманду шаарында өттү. Финалга Кыргызстан менен Өзбекстан чыгып, Кыргызстандын курама командасы 3:0 эсебинде жеңип алды. Ошентип, биздин ак калпакчан жигиттерибиз Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жеңүүчүсү болуп, желегибизди желбиретишти.

Жеңиш менен кайткан жигиттерибиз бүгүн, 25-августта «Манас» аэропортуна учуп келишти. Аларды федерация жетекчилери жана күйөрмандар тосуп алышты.
Финалды көрбөй калгандар болсо, ал төмөндө:

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.