АДВОКАТ: “Өмүрбек Текебаевди тил кат менен абактан бошотууну сурандык”

АДВОКАТ: “Өмүрбек Текебаевди тил кат менен абактан бошотууну сурандык”

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин кайра кароо 29-августка белгилегени маалым болду. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова ММКларга билдирди. Анын айтымында, эки саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко арыз менен кайрылышкан. Арызда Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандан башка мамлекетке чыкпоо тил каты менен абактан бошотууну суранышып, 91 жаштагы энесин эскертип, апасы менен учурашуу мүмкүнчүлүгүн алуу керектигин жазышкан.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды Жогорку сот 21-августта карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.