Апасын сагынып жазган журналисттин ыры ыйлатты…

Журналист Аида Надырбекова апасын сагынып, кечирим сурап жазган ыры ыйлатты. Кесиптешибиз жазган ырын социалдык тармакка апасынын күлүмсүрөп түшкөн сүрөтү менен кошо жайгаштырды.

Аида Надырбекованын жандүйнө жаңырыгын оңдоосуз беребиз. Ал: “Апа, апов, апакебай, сиздин кеткениңизге үч айдан ашык убакыт өттү. Бирок, дагы деле ишене албай жүрөм. Айылга барсам, таягың таянып алдыман тосуп чыкчудай, кашкая күлүп баягыдай ар нерселерди айтып берчүдөй үмүт артып, айылга сапар тартып кетким келет. Апакебайым…”,-деп баштап, анан ырын койду.

Апаке, кечир мени

Апакебай, кечир мени…
Ажалдан арачалап кала албай…
Жазмышы экен жараткандын,
Жашым төгүп, жалдырап ыйлап турдум
Аргам таппай,
Ай арман ай, апакем аай.

Тунжурап жымжырттыкта,
Уктуң бекен ыйлаганым
Апакем ай,
Өлүмгө кыя албай
Апакелеп кыйнаганым…
Ай арман ай, апакем аай.

Түштү асманым, күн түнөрүп,
Аңтарылып, ыйлады бүт
Булуттар да…
Шамал улуп…
Кетти алып жаныңызды
Бул кандай күч?!
Апакем аай.

Эми мени ким кызым дейт,
Ким сылайт саамайымды
Апакебай,
Келчүдөй көтөрүнүп,
Баштагыдай,
Элесиңди, унута албай…
Энеден адашкан бир
Тайлак сымал
Жаралуумун…
Аттиң, аттиң, ажал улук,
Тартып кетти таалайымды…
Апакем аай.

Элесиң бирде келип,
Энтелеп соорономун.
Эстесем жоготконум,
Апакем аай,
Бук болуп, шорлономун.
Түндөр мага азап болду,
Түшүмө кирсе экен деп…
Сагынып алаканың,
Алсыз, аста колум кармап,
Кош дей албай,
Кош дей албай…
Апакебаай,
Кеттиң анан, армандадым…
Апакем ай, ай арман ай.
Кечир мени, апакебай…

Апасынын майрамында куттуктаган сөзү…

Аида былтыр 21-майда, Энелер күнүндө, апасынын майрамын куттуктап жазган эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Эсен болуп, эстей жүр!

Аида, кайгыңды тең бөлүшөбүз! Апаңдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эсен болуп, эстей жүр!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.