Садыр Жапаровдун баласы Дастан киши колдуу болдубу?

Садыр Жапаровдун баласы Дастан киши колдуу болдубу?

Абактагы Садыр Жапаровдун Дастан аттуу тун уулу жол кырсыгында каза болгонун экс-депутаттын жактоочу Шерабидин Токтосунов тастыктады. Анын айтымында, 27 жаштагы Дастан Ысык-Көлдөн келе жатып, кырсыкка (22-августта) учураган. Ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Атасына кабар бериле элек.

Мелис Аспековдун айтымында…

Мелис Аспеков Садыр Жапаровго “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу көңүл айтып, баласы Дастандын сүрөтүн жайгаштырды. Андагы кырсык боюнча буларды жазды.

22-август күнү, түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видеобайкоодо көрүнүп тургандай, С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. эки чийиндүү жерден «разворот» жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат. С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө. Бул саясий заказ эмеспи?”,- деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу учурда 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып, каза болду”,- деп билдиришти жакындары. Дастан 1992жылы 14-августта туулган”,-дейт М.Аспеков.

Бул кырсык тууралуу ИИМге кайрылып, алардын да жообун билебиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.