Бакыт ЧОЙТОНБАЕВ: “Апам акча таппай, акыл тап дээр эле”

Бакыт ЧОЙТОНБАЕВ: “Апам акча таппай, акыл тап дээр эле”

РЕДАКЦИЯДАН: Төмөнкү маекти берээрдин алдында, аны жазган, маектешинин бейнесин ачкан белгилүү, белдүү, көрүнүктүү, мыкты журналист Шейшекан Жаналиева жөнүндө сөз кылгыбыз келди. Эжебиз эң сонун макалаларды жазып жарпыңды жазат, маанилүү маектерди алып көңүлүңдү ачат. Бой көтөрбөгөн, жөнөкөй айым менен “Де факто” гезитинде (анда редактор Чолпон Орозобекова эле), кийин “Баягы Асабада” гезитинде чогуу иштедик. Иштеп жүргөндө дегеле бир чорт кыялын көргөн жокпуз. Ар дайым жаркылдап, жакшы сөздөрүн, кеп-кеңешин айтып жүрдү. Убакытка так эжебиз Ысык-Көлдөн кабарларды, материалдарды өз убагында салып турду.  Ушундай алтын эжебиз менен кайрадан кызматташканы турабыз…

Адам кыйналып турганда, кимдин ким экени билинет экен. Сайттан төлөп берчү каражатыбыз жоктугуна карабай, “жардам катары жазып турам” деп колун сунуп, материал салып бизди сүйүнттү. Ушундай сапаты менен бизге үлгү болгон эжекебизге миң мертебе рахматыбызды айтып, төмөнкү маекти жарыялайбыз. Маектеши да өзүнө окшогон акчанын артынан чуркабаган, барга тобо кылып жашаган асыл адам экен.

Чет өлкөлүктөрдү таңгалдырган касиеттүү жер

Тоң районундагы “Эл тоо” коомдук мекемесинин директору, “Манжылы –Ата боз үй” эс алуучу жайдын ээси Бакыт Чойтонбаев: “тестиер кезимде эле досторумдан айырмаланган мүнөзүм бар эле. Бассам-турсам жандүйнөмө тынчтык бербеген күлүк кыялдар мени арбап алчу. Ошол ой-максаттарымды, кыял-тилектеримди четинен акырындык менен ишке ашыруудамын”,-дейт. Ар дайым чындык издеп чыркырап, өзүнүн оюна, максатына бекем болуу үчүн күрөшө билген элеттик ишмерге быйылкы жайкы эс алуу мезгилинде жетишкен ийгиликтери, жаңы саамалыктары менен демилгелери тууралуу суроо узатып, жооп алдык.

-Бакыт мырза, “Манжылы-Ата боз үй” эс алуучу жайыңыздын кандай айырмачылыктары, артыкчылыктары бар? Көгүлтүр көл жээгинде ак өргө көтөрүп алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келишкен туристтерди кабыл алуу, алардын суроо-талаптарын канааттандыруу “бул колдон келет” дегендей, жеңил-желпи жумуш болбосо керек?

-Албетте, жеңил-желпи жумуш эмес. Сиз айткандай “колдон келет, анын эмнесине баш оорутам” деген көз караш менен ишкерликти өнүктүрүүгө дегеле болбойт. Чет өлкөлүк туристтердин суроо-талаптары биздин көчмөн турмушубузга салыштырмалуу айтсам жеңилдей эле сезилет. Бирок, жылуу суу, таза ажаткана боюнча көйгөй жаратпай, кыргыз элинин улуттук тамак-аштары, улуттук оюндары менен аларды өзүбүзгө тарта билүүнүн заманбап жол-жоболорун кылдат өздөштүрүшүбүз керек да. Анча-мынча болсо да чет тилин үйрөнүп алсаң андан бетер жакшы. Чет өлкөлүк туристтер гана эмес, борбор калаадан салкын абаны көксөп келгендер да таш жазданып, кум төшөнүп, айтор, ачык асман алдында эс алганды самашаарын жакшы билип калдык. Көл жээгинен анча алыс эмес какыраган кум-таштуу жерге тигилген боз үйлөргө кирип-чыккандардын аягы үзүлбөйт. Быйыл 7 боз үй тиккенбиз, 10 жумушчу орунубуз бар. Боз үйлөрдүн жасалгалары эң жөнөкөй, ашыкча оокат жок, жетишээрлик жууркан-төшөк, идиш-аяк гана ала келебиз. Чет өлкөлүк туристтерди биз улуттук буюм-тайымдарыбыз менен тарта албайбыз, анын себеби кол өнөрчүлүккө, узчулукка кызыгуубуз дээрлик жок. Бирок “Манжылы-Ата боз үй” эс алуучу жайыбыздагы түзүлгөн шарттар тууралуу маалыматтар менен кабардар болгондор бизге кайрылбай кетишпейт.

-Быйыл кандай өзгөчөлүктөр болду?

-Суунун тартыштыгына карабай ысык душ орнотконбуз, заманбап ажатканабыз бар. Ысык суубузга чайынып чыккан туристтер: “кантип мындай мүмкүнчүлүктү түздүңөр?”,-деп ыраазычылыгын билдиришет. Мындан тышкары, абрикос, шабдаалы, карагат олтургузгам. Жашылча-жемиш да айдайбыз. Шабдаалынын даамын таткандар анын шириндигине баа беришет. “Экологиялык таза жемиш, ден соолукка пайдалуу”,- дешет. Мындай жылуу пикирлер бизди кубандырат.

-Анда жайкы эс алуу мезгилинде капчыгыңызды жакшы эле кампайтып, үй-бүлөлүк бюджетти толуктайт турбайсызбы?

-Кээ бир досторум, айылдаштарым: “Сенин ордуңда башка бирөө болсо көл жээгиндеги бөлдүрүп алган жер тилкесинин үзүрүн аябай көрмөк, кабаттап үй да салып коймок. Сен болсоң идеяларыңды ишке ашыруу үчүн пайдасы жок куру кыялдарга батасың. Башкаларды карабайсыңбы, акча табуунун жолдорун аябай өздөштүрүп кетишти. Күн куру калбай алакандарын ысытып акча табышат”,-дешет, оюн-чындан мени чымчылашып. Маркум апам: “Акча таппай, акыл тап”,- деген сөздү эмнегедир мага көбүрөөк айтаар эле. Жарыктык апамдын ушул сөзү мээме катуу сиңип калган окшобойбу, акчадан мурда ишке ашырчу ой-максаттарымды көбүрөөк ойлонуп, толгоном. 7 боз үйдүн ордуна 20-30 боз үй тигип, эс алуучуларды кабыл алууга деле мүмкүнчүлүк болмок. Бирок сүрмө топ менен тейлеген кызматымдын аяк-башын таппай калаарымды жакшы билем. Аз, саз иштин майын чыгаргым келет. Такыр эле акча таппайм, пайда көрбөйм десем Кудай мени төбөмдөн урбайбы. Тапканым жетишет, пейилимди кетирип, ниетимди бузбайын. Ата-энемдин бизге берген таалим-тарбиясы, акыл-насааты ушундай эле, алар эч качан улунуп-жулунганды, көр оокат жыйнаганды билишкен жок, маңдай тер, таман акылары менен бизди эрезеге жеткиришти.

-Чет өлкөлүк туристтерди, дегеле эс алуучуларды элеттиктердин карапайым турмуш-тиричилиги, жөнөкөй, бирок маңыздуу салт-санаасы менен өзүңүзгө тартуунун аракетин көбүрөөк көрөт окшойсуз? Натыйжасы жакшыбы? Ийгилиги, үзүрү кандай?

-Касиеттүү Ысык-Көлдүн ажайып жаратылышы кимди гана суктандырбайт. Ак кар, көк муз челген Ала-Тоо, түптүү кыргыз калкынын көчмөн турмушу, көөнө тарыхы, салт-санаасы, маданияты дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди өзүнө тартаары ийги. Ошондуктан мүмкүн болушунча бөтөндөр эмес, өзүбүз унутуп бараткан улуттук оюндарыбызга, салт-санааларыбызга жаңы түс киргизип, жаңы мазмун менен байытууга аракеттенүүдөбүз. Жыл сайын “Көл Эне” эко-маданий акциясын, “Манжылы атанын алгыр куштары” фестивалын уюштурууга белсенип киришем. Июлда өткөн “Манжылы атанын алгыр куштары” фестивалына катышкандардын көпчүлүгү жылуу пикирлерин гана айтышты. Бул жолу “тушоо кесүү” салтын даярдап, чет өлкөлүк туристтерге чейин атайын камдап койгон байгелерибизди бердик. 80ден ашкан жапондук сүрөтчү абышка Кыргызстанды, Ысык-Көлдү “көрсөм” деп эңсеп келгенин ыктыярчылар аркылуу кайра-кайра айтып толкунданганын жашыра албай чечекейи чеч болуп жүрдү. Ал сүрөтчүлүк өнөрү аркылуу Ысык-Көлдүн ажайып жаратылышын, кыргыз элинин меймандостугун даңазалаарын астейдил билдирип биз менен эзелки ынак достордой коштошту. Көл жээгиндеги ак өргөлөрүбүздөн Голландиядан, Германиядан, Япониядан, Түркиядан, Россиядан ж.б. мамлекеттерден келгендер даам сызышып, “дагы келебиз” деген маанайда кетишет. Албетте, нечен кыйынчылыктар, убаракерчиликтер менен баштап алган жумушубуздун ийгилигин, үзүрүн көрүүдөбүз. Балким, бул айткандарым кээ бирөөлөр үчүн өөн учурашы мүмкүн, бирок, мен үчүн акчадан мурда ата-салты, кыргыз наркы жогору турат. Бала кезден эңсеген максаттарымдын али чети оюла элек. Демек, азыраак эс алып, көбүрөөк иштешим керек. Жеке менчик автоунаам да жок, күнүнө жол тосуп жумуштарымды бүткөрөм, кээде Бокомбаев айылына 2-3 жолу каттоого туура келет. Күн нуру менен жүрүүчү автоуна автоуна чыкса айдасам деген тилегим бар.

-Бакыт мырза, адатта жигиттер бала кездеги кыял чабыттары тууралуу азыраак айтышат го. Сиз болсо балалыгыңыздын алтын дооруна өзгөчө басып жасайт экенсиз, эмне үчүн?

-Билбейм, ата-энемдин көкүрөк күчүгү болгондуктанбы, аябай эрке өстүм. Ойлогонумду оңой менен бербеген, кыскасы жеңилүүнүн ызасын тарткым келбеген кежирлик мүнөзүм, тентек кыял-жоругум ушул азыр да бар. Эркиндикти жакшы көрчүмүн, айылга батпай кетчүмүн, сабактан тараарым менен эле “Чоко-Булакка” салып-уруп жөнөп калаар элем. Тоң районуна гана эмес, республикага белгилүү легендарлуу башкарма атка конгон маркум Ишен Тойчубековдун: “Көрөсүңөр качандыр бир убакта ушул какыраган жайдак талаада кабаттап үйлөр салынат. Көлдүн тескей тарабына эс алуучулар агылып келет, жайдак жаткан ээн талаабыз шаарга айланат”,-деп айтканын эмнегедир жадыма катуу сактап калыптырмын. Эсимде, ак жал толкун чачкан Ысык-Көлдү телмире тиктегенден эч тажачу эмесмин. “Койлорду жакшы кайтар” деген атамдын сөзү кулагымдын сыртынан кетээр эле. “Манжылы-Ата”, “Сөгөттү”, Чоко-Булак” чөлкөмдөрү, жайы-кышы кызгылтым түсүн өзгөртпөгөн чаптары балалыгымдын алтын издерин издетпей өздөрү чакырат. Атама учкашып алып чаптагы булактарды тазалоого, скважиналарды иштетүүгө жардамдашчумун. “Суу сыйлаган зор болоор”, “Жети күнкү жамгырдан желип өткөн суу жакшы” деген накыл-кептердин түпкү маанисин бала кезимден жакшы билем. Тастар-Ата чокусуна чыксам деген балалык кыялдымды эр жеткенде ишке ашырдым. Ак жайдын күнүндө борошо уруп, бурганактуу кар жааган Тастар-Ата чокусунан Ысык-Көл алаканга салгандай көрүнөт. Көлдүн сөз менен жеткире алгыс ажайып кооздугуна көзүм тойбогон бактылуу сааттар дале карегимде.

-Өткөөл өспүрүм курактагы, жаштык, курчтук кездеги ой-кыялдарыңызды ишке ашырган экенсиз да. Бирок мезгил өтүп, жылдар алмашкан сайын жашоого, коомго, айлана-чөйрөгө карата көз караштар өзгөрөт го. Көз караштарыңыз тереңдесе керек?

-Сөзсүз өзгөрөт да. Бир учурда туризмди өнүктүрөлү, тескей жээкке эс алуучулар аз келет, заманбап эс алуучу жайларды куруу керек дегендердин катарында жүрсөм, азыр тескерисинче, экологиянын тазалыгы үчүн күрөшкөндөрдүн тобундамын. Ысык-Көлүбүздүн тазалыгын, ажайып жаратылышыбыздын кооздугун сакташыбыз керек. 2000-жылдан бери көл жээгин тазалоо, акыр-чикирлерден арылтуу жумуштарын колго алуу үчүн күрөшүүдөмүн. Этнотуризмди өнүктүрүүчүлөрдүн катарындамын. Арийне, заман агымына, учур удулуна жараша жашоого, көз караштарыңды бекемдөөгө не жетсин. Ошентсе да ар нерсенин чеги болот. Ыйык Ысык-Көлүбүз өзүн-өзү тазалайт, бирок, анын тазалыгын сактоо ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Мекенчилмин, жөн эле ооз көптүрүп сүйлөбөйм, ар бир айткан сөзүмдүн, берген убадамдын өтөлгөсүнө чыккым келет.

-Билимиңизди тереңдетүүнү, билүү чөйрөңүздү кеңейтүүнү унутпайт чыгаарсыз? Кесибиңиз ишкерлик жөндөмүңүздү арттырса керек?

-Эң кызыгы мен жогорку билимдүү адис эмесмин. Бокомбаев айылындагы №82-кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөм. Жыгач устамын. Ишкерлик жөндөмдү турмуштан алдым, элден үйрөндүм.

Маектешкен Шейшекан ЖАНАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.