Курсан АСАНОВ: “Мага коюлган дооматтар менен макул эмесмин” (ВИДЕО)

Курсан АСАНОВ: “Мага коюлган дооматтар менен макул эмесмин” (ВИДЕО)

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы 27-августта, кечке маал Биринчи май райондук сотунда каралып, ал 13-октябрга чейин үй камагында калды.

Соттон чыккандан кийин журналисттер ага бир топ суроо узаткан. ШИЛТЕМЕни басыңыз!

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду 13-августта кызматтан алган. Анын кызматынан кетишине ага коюлган айып себеп болгон. Тагырагы, ИИМдин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деген чечим чыгарган. К.Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып келет.

Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Ал жерде бүгүн да суракка алынганын адвокаты билдирген. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов. Ал алдамчылык боюнча шектүү катары 22-августта камалып, кийин үй камагына чыгарылган.

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.