Мира ЖАНГАРАЧЕВА: “Асановго “Атамбаевди атып салгыла!” деп айткан эмесмин”

Мира ЖАНГАРАЧЕВА: “Асановго “Атамбаевди атып салгыла!” деп айткан эмесмин”

Мурунку вице-премьер-министр, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангараева ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асанов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн четке какты.

М.Жангарачева КСДП менен “Апрелге” “Фейсбук” баракчасы аркылуу жооп кайтарды. “Апрелчилер Д.Ложников, Ф.Ниязов, А.Сегизбаев, мен силерге бир ай чыдап, унчукпай келдим. Учурда өзүңөргө керектүү, олуттуу иш менен алектенсеңер боло. Эгерде силер политтехнологдор тарабынан төлөнгөн оюнду, сүрөт жана видеомонтаждарды токтотпосоңор, анда мен кадыр-баркымды коргоо үчүн сотко кайрылууга аргасыз болом. Себеби, мен силер коркутуп-үркүтө турган адам эмесмин. Сүрөттөгү адам менен сүйлөшүү болгон эмес», — дейт М.Жангарачева.

Эскерте кетсек, “Курсан Асанов менен Мира Жангарачеванын сүйлөшкөнү” делген аудио 8-августта социалдык тармактарга тараган. Ал аудиодон кийин, «Апрель» телеканалы менен КСДП: “Мира Жангарачева адам өлтүрүүгө чакырык таштаган. Ушул сөзү үчүн ал жооп бериши керек, ага карата кылмыш иши козголушун талап кылабыз!”,- деп келишет.

Сөз болуп жаткан АУДИО төмөндө:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.