Садыр ЖАПАРОВ: “Ата-эне үчүн эң оору баладан айрылуу экен” (ВИДЕО)

Садыр ЖАПАРОВ: “Ата-эне үчүн эң оору баладан айрылуу экен” (ВИДЕО)

Экс-депутат Садыр Жапаров тун уулу Дастанды бүгүн (28-августта) акыркы сапарга узатып, топурак салды. Маркумдун сөөгү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында жерге берилди.

Жаназа учурунда Садыр Жапаров сөз сүйлөп, баласынан кечирим сурап, ыйлады…

«Буга чейин атамды, апамды жоготтум. Эми тун уулум Дастандан ажырап отурам. Ата-эне үчүн эң оору баладан айрылуу экен. Ичиңен кан өтөт экен. Дастан, уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым. Эки дүйнөдө ыраазымын, балам!«, — деди, көзүнө жаш алып…

Дастан Садыр уулу жол кырсыгына (22-августта, түнкү саат 22.25тер чамасында) учурап, Бишкектеги ооруканага жеткирилип, өзүнө келалбай 26-августта көз жумган.

Быйыл мартта апасы кайтыш болуп, топурак салган. 2017-жылы күзүндө атасы каза болуп, ага топурак сала албай калган. Андагы бийлик (Атамбаев ажо болчу) уруксат бербей койгон.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылы камалган. 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Садыр Жапаровго терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Уулуңуздун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.