Ширин АЙТМАТОВА: “Чиновниктер бизден коркот” (эки ВИДЕО)

Ширин АЙТМАТОВА: “Чиновниктер бизден коркот” (эки ВИДЕО)

Эмки жылы (2020-жылы) күзүндө парламенттик шайлоо болот. Ага даярдыктар жүрө баштады. Экс-депутат Ширин Айтматова дагы августтун башынан бери жаштарды шайлоого катышууга үндөп, чакырык таштап келет.

“Матраимовдордун басындысында калбайлы”

Экс-депутат «Твиттердеги» баракчасына: «2020-жылдагы шайлоодо ачык-айкындуулук үчүн күрөшүү керек, болбосо Кыргызстандын баарын сатып алган ууру Матраимовдордун басындысында жашай беребиз. Жаштардын келишине даярдангыла, бири-бириңерди колдогула, чогуу бололу. #үмүт2020»-, деп жазган.

Андан кийин, “Азаттыкка” маек берип жатканда да Матраимовдорду айткан. “Менин саясатка аралашайын деген ниетим жок болчу. Жаш активисттердин көңүлүн Матраимовдун маселесине бургум келди. Себеби, силердин иликтөөңөр «бомба» болгон. Ошондон кийин, бийлик ага тийешелүү чара көрөт деп ойлогом. Тилекке каршы, андай болгон жок”,-деген.

Эми минтип чиновниктерди сындады. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Керемет кызы бар…

Ширин Айтматова айтылуу Чыңгыз Айтматовдун экинчи никесинен. Жалгыз кыз. Ал 1977-жылы 28-июлда Москвада төрөлгөн. 42 жаштагы экс-депутат көп тил билет: орус, француз, англис тилдеринде эркин сүйлөп, жаза алат. Англис тилинде ыр жазат. Япон, немис, италян тилин да жакшы билет. Өз эне тилинен аксайт, жакшы сүйлөй албайт.

Кесиби филолог. Ал саясатка 2010-жылы келип, «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен (2010-2015-жылдары) Жогорку Кеңешке депутат болгон. Кайра саясатка аралаша баштады. Азырынча партиясынын аталышы белгисиз, “Үмүт 2020” деп эле чыгууда. Демек, келечектеги партиясы “Үмүт” болсо керек…

Жеке турмушун учкай айта кетсек, Керемет (Кира) аттуу кызы бар. Кызы кичине кезинде эле ажырашып кеткенин айткан маеги бар. Кайталап турмуш кура элек.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.