Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Текебаев менен Чотонов бүгүн акталып, эркиндикке чыгышы керек!» (ВИДЕО)

Асыран АЙДАРАЛИЕВ: «Текебаев менен Чотонов бүгүн акталып, эркиндикке чыгышы керек!» (ВИДЕО)

Биздин мекендеш, журналист кесиптешибиз Асыран Айдаралиев көп жылдан бери Финляндия мамлекетинин Хельсинки шаарында жашайт. Алыс жашаганы менен жүрөгү өз өлкөсүндө. Кыргызстандын саясатына сыртта туруп көз салып, туура эмес иштери болсо пикирин социалдык тармактарга жазып турат. Өзгөчө Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун жалган жерден камакка алынганына зээни кейийт.

Бүгүнкү сотуна да өз пикирин байма-бай жазууда. Биз, бу жолу ВИДЕО менен пикирин айтып коюусун суранганбыз, суранычыбызды аткарды. Ал төмөндө:

Эскерте кетсек, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Соттун башталаарына саналуу мүнөттөр калды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.