Эки саясатчыны адвокаттар тил кат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн. Ал бүгүн аткарылабы?

Эки саясатчыны адвокаттар тил кат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн. Ал бүгүн аткарылабы?

Бүгүн, 29-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо сот отуруму Биринчи май райондук сотунда, саат 14:00дө башталат.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайларды карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотко жөнөткөн. Бүгүн кайра кароо алардын бөгөт чарасын аныктоо менен башталат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, алар соттон саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Мен кол чабуулар менен чыгам»

Өмүрбек Чиркешовичтин айтканындай болуп, бүгүн бошотулса, калың эл кол чабуулар менен тосуп алат эле…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.